Түркияда жол кырсыгынан жабыркаган КР жаранынын ата-энеси Антальяга учуп келди

© flickr.com / Matt PerreaultТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оор абалда жаткан Арслан Асанкулов Анталиянын эң жакшы делген ооруканасына жаткырылып, дарыланууда.
Түркияда жол кырсыгынан жабыркаган КР жаранынын ата-энеси Антальяга учуп келди

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Антальянын Кемер аймагында чакан автобус ала салып, оор жаракат алган кыргызстандык Арслан Асанкуловдун ата-энеси баласынын жанына учуп келди. Бул тууралуу "Авемлис" компаниясынын жетекчиси Шерболот Аскербек уулу билдирди.

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркиянын Анталия шаарында автобус ала салып, кыргызстандык беш жаран жаракат алды
24-октябрда Антальянын Кемер аймагында автобус жол кырсыгына кабылып, анда 12 киши жаракат алган. Алардын бешөө Кыргызстандын жарандары болгон. Жергиликтүү басылмалардын маалымдашынча, Арслан Асанкулов менен Бекбол Бакытбек уулунун абалы оор.

Аскербек уулунун айтымында, оор абалда ооруканада жаткан Арслан Асанкуловдун ата-энеси Москвада болгон. Аларга компания билет сатып берип, учурда алар баласынын жанында.

"Арслан Антальянын эң жакшы делген ооруканасына жаткырылды. Колубуздан келген жардамды берип, керектүү нерселердин баары аткарылып жатат", — деди ал.

Бүгүн Бишкекке үч же төрт бала учуп келе турганын Аскербек уулу кошумчалады. Себеби, алардын эмгек келишими аяктаган.

"Бүгүн үч же төрт бала келет. Бирөөсүнө уруксат берилсе учуп келет, уруксат берилбесе, башка күнү келет", — деди ал.

Шерболот Аскербек уулу "Авемлис" компаниясы аркылуу Түркияга иштегени кеткен балдардын билеттери мындан 1,5 ай мурун эле сатылып алынганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0