Дагестанда "Хизб ут-Тахрир" уюмуна үндөгөн кыргызстандык жарандын иши сотко өттү

© AFP / ABBAS MOMANI"Хизб-ут-Тахрир" террордук уюмунун желеги. Архив
Хизб-ут-Тахрир террордук уюмунун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дагестан республикасынын прокуратурасы "Хизб ут-Тахрир" террористтик уюмунун ишин уюштурду деп айыпталган жарандардын кылмыш ишин сотко жөнөттү.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Дагестан Рсепубликасынын прокуратурасы террористтик уюм түзүү боюнча күнөөлөнгөн Россия жарандары Шамил Рамазанов менен Умар Никифоров жана кыргызстандык жаран Кизимжан Шералиевге айып такканын Россия прокуратурасы билдирди.

Тергөө 2008-жылдан 2013-жылдын декабрь айына чейин Рамазанов, Никифоров жана Шералиев менен белгисиз жарандар Дагестандын аймагында "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" уюмунун ишин уюштуруу боюнча туруктуу топ түзгөнүн аныктаган. 

"Алар аталган уюмдун идеяларын кеңири жайылтып, адамдарды ага мүчө болууга азгырып келишкен. Мындан тышкары Россиянын мамлекеттик түзүлүшүнө терс пикирди жайылтышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

"Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды
Кылмыш жасоодогу ордуна карата кармалган жарандарга Россиянын кылмыш жаза кодексине ылайык "Террористтик топтун ишмердүүлүгүн уюштуруу", "Экстремисттик топтун ишин уюштуруу", "Бийликти күч менен кулатууга даярдык көрүү" жана "Курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү" беренесинин айып коюлган.

Прокуратура аталган кылмыш ишин Түндүк Кавказ аймактык аскердик сотуна жөнөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0