Жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккендер өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө көп

© REUTERS / Adnan AbidiЖер титирөө. Архив
Жер титирөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаратылыш жана техногендик кырсыктардын саны жыл сайын өсүп келет. Анын кесепетин эң көп өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тургундары тартууда.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Жаратылыш алып келген ири кырсыктардын кесепеттеринин эң көбүн өнүгүп келе жаткан өлкөнүн тургундары тартууда. Дүйнө жүзүндө болгон кырсыктардын 80 пайыздан ашыгы дал ушул өлкөлөргө туш келе турганын окумуштуулар Москвада болгон эл аралык конгресте айтышты.

Акыркы жылдары жаратылыш жана техногендик кырсыктардын саны өсүп келет. Анын кесепетин эң көп өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тургундары тартууда.

Климаттын өзгөрүүсүнөн келип чыккан тобокелдиктер айыл-чарбасына, калкка жана экономикалык түзүлүштөргө зор чыгым алып келүүдө. Акыркы 20 жылда жаратылыш жана техногендик катастрофанын курмандыктары 3 миллион кишиден ашып, 800 миллион киши жабыркаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0