Россия АКШнын Жакынкы Чыгыштагы геосаясий оюнунун ойронун чыгарды

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүСириядагы Орусияынын аскерлери. Архив
Сириядагы Орусияынын аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Сириядагы аскердик операциясы – АКШнын Жакынкы Чыгышта ролу начарлаганына дагы бир күбө деп эсептейт Генри Киссинджер. АКШ Асаддын кетишин каалаганы менен, анын ордун ээлеп, бийликти андан ары алып кете турган башка саясий түзүмдү сунуштаган жери жок.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. АКШ өзүнүн акыркы кырк жылдан берки Жакынкы Чыгыштагы ролун жоготуп койду деп жазат АКШнны Мамдепартаментинин мурдагы башчысы Генри Киссинджер Wall Street Journal басылмасына берген макаласында.

АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
ФБР: АКШнын штаттары да "Ислам мамлекетинен" куру калган эмес
Ирандын өзөктүк программасы боюнча биргелешкен иш-чаралар планы Жакынкы Чыгыштагы стартегиялык туруктуулукка алып келеби деген талаш-тартыш баштала электе эле, аймактагы саясий абал такыр өзгөрдү. Россиянын Сириядагы аскердик операциясы Американын 1973-жылдагы араб-израиль согушунан кийин өзүнө алган Жакынкы Чыгыштагы ролу начарлаганына дагы бир күбө.

Азыр бул геосаясий түзүлүш толук кыйрап калган учуру. Чөлкөмдөгү төрт мамлекет өзүнүн мамлекеттүүлүгүнөн ажырап, Ливияда, Сирия, Йеменде жана Иракка бийликке мамлекеттик эмес оюнчулар жутунуп турат. Ирак менен Сирияда болсо көпчүлүк жерлерди өзүн "Ислам мамлекети" атап, азыркы дүйнөлүк тартипке согуш жарыялаган диний радикалдар ээлеп алган. 

Американын бул аймактан чегиниши менен татаалдашып кеткен ансыз деле бири-бирине карама каршы келген өрчүү багыттары Россияга тарыхта биринчи жолу Жакынкы Чыгыштын дал очогунда аскердик аракеттерди көрүүгө мүмкүндүк берди. Россиянын кооптонгону, Асаддын бийликтен кетиши Сирияда Ливандагыдай эле башаламандык жаратып, бийликке "Ислам мамлекетин" алып келиши жана өлкөнү терроризмдин очогуна айлантышы ыктымал. 

Сириядагы Хмеймимдеги россиялык базасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Daily Express: 71% британиялыктар РФтин Сириядагы аракеттерин колдойт
Азыр АКШ кайсы бир деңгээлде бардык аймактык оюнчуларга каршы чыгууда. Ал Египет менен адам укуктарына байланыштуу келише албай жатса, Сауд Аравиясы менен Йемен боюнча тил табыша албай келет. Ал эми Сирия чыр-чатагынына тиешелүү бардык тараптар менен Вашингтондун максаттары төп келбей жатат. Америка Асад кетсин дегени менен, аны алып салуунун саясий болобу же аскердикпи, эч бир натыйжалуу жолун таппай турат. Асад кетип калган учурда, бийликти колуна ала турган альтернативалуу саясий түзүмдү да ал сунуштаган жери жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0