Британиялыктардын ДНКсын изилдөөсү семиздиктин жана шизофрениянын генин табууга жардам берди

© Sputnik / С. Соловьев / Медиабанкка өтүүДНКнын модели. Архив
ДНКнын модели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Британиялыктандын он миң геному генетиктерге шизофрения менен семиздиктин ашынган формаларынын өрчүшүнө жооп бере турган, майда мутацияларга дуушар болуучу бир нече генди аныктап табууга жардам берди.

БИШКЕК, 18-окт. – Sputnik. Улуу Британиянын 10 миң жашоочусунун ДНКларындагы майда мутацияларды изилдөө семиздиктин жана шизофрениянын өрчүшүнө алып келүүчү гендерди аныктоого мүмкүндүк берди деп айтылат Annals of Human Genetics журналына жарыяланган макалада.

"Эгер эки адамдын ДНКсын салыштыра турган болсоңор, аларда миллиондогон майда айырмалар бар экенин табасыңар. Алардын көптүгүнөн кайсы мутациялар оорунун өрчүү коркунучун көбөйтөрүн аныктоо кыйын. Бирок, эгер көп сандагы адамдардын геномдорун салыштырса, кайсы өзгөрүүлөр кандай кесепеттерге алып келерин акырындап көрүүгө болот", — дейт Лондондун университеттик колледжинен генетик Дэвид Кертис (David Curtis).

Окумуштуулар: куурулган майлуу тамак эркектердин эс тутумун начарлатат
Өз изилдөөсүндө Кертис жана анын кесиптештери эң кеңири генетикалык изилдөө жүргүзүп, анын алкагында 10 миңден ашык түрдүү курактагы жана социалдык абалдагы британиялыктардын ДНК түзүлүштөрүн жана геномдорундагы майда мутацияларды талдап чыгышкан. 

Дени сак адамдардан тышкары, бул долбоордо бала кезинен эле байкала баштаган шизофрениядан жана ашыкча семиздиктен жабыркоочу эки миңдей киши катышкан. Окумуштуулар аларды тиги же бул дарттын өрчүшүнө байланыштуу болгон кайсы бир гендик бузулуштарды табуу үчүн изилдешкен. 

Кертис жана анын кесиптештери аныктагандай, семиздиктин өрчүшүнlө MC4R, CRHR1 жана SNORD115 деп аталган гендер болот экен. Булардын сейрек кездешүүчү версиялары ашыкча салмактуулуктан жабыр тарткан адамдарда болот экен. Кызыктуусу, акыркы ген өтө аз кездеше турган жана Прадера-Вилли деп аталуучу бөтөнчө бир синдромго себепкер экен. Бул дартка туш болгондор дайыма курсагы ачып тургандай сезимде болот жана дээрлик баары тең өтө эле ашыкча семиздиктен жабыркашат.

Гамбургер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Анорексияга чалдыккандардын мээси тамак жегенге кантип тыюу саларын окумуштуулар аныктады
Британиялык шизофрениктердин геномдорун салыштыруу бул психикалык оорунун көп түрлөрүнүн өрчүшү NLGN2 гениндеги мутацияга байланыштуу болот экен. Макаланын авторлору чечмелегендей, ДНКнын бул бөлүгү мээдеги нейрондордун синапстары өз ара импульстарды туура беришине жооп берет, ал эми андагы мутациялар бул процессти бузуп, шизофрениянын өөрчүшүнө алып келет. 

Аталган гендерден тышкары, британиялык генетиктер геномдордун семиздикке жана психикалык башка ооруларга кайсы бир жагынан байланышту болушу мүмкүн делген ондогон башка бөлүктөрүн ажыратып белгилешти. Мындай мутациялар жөнүндө окумуштуулар кийинки макалаларында айтып берүүнү убада кылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0