Россиянын Сириядагы аракеттери көпчүлүктүн көңүл борборунда

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүСу-25 учактары. Архив
Су-25 учактары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын президенти Барак Обама жана Бириккен Араб Эмиратынын мураскор ханзадасы шейх Мухаммед бен Заед Аль Нахайян Сирияда кырдаалды саясий нукка салуу үчүн зарыл шарттарды түзүү маанилүү экенин белгилешти.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. АКШнын президенти Барак Обама жана Бириккен Араб Эмиратынын мураскор ханзадасы шейх Мухаммед бен Заед Аль Нахайян Россияны Сирияда орточо оппоизицияга эмес, "Ислам мамлекетине" каршы күрөшкө каршы күч-аракетти топтоого чакырышты деп билдирет Ак үйдүн маалымат кызматы алардын жума күнү болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында. 

Сириядагы Хмеймимдеги россиялык базасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Daily Express: 71% британиялыктар РФтин Сириядагы аракеттерин колдойт
Тараптар Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулаган. "Россиянын аскердик аракеттери оппозициянын орто топторуна эмес, "Ислам мамлекетине" каршы күрөшкө каршы жүрүшү керектигине макул болушту. Сирияда кырдаалды саясий нукка салуу үчүн зарыл шарттарды түзүүнүн маанисин баса белгилешти", — деп билдирет Ак үй.

30-сентябрдан тартып Россия Башар Асаддын суранычы менен Сирияда "Ислам мамлекетинин" объектилерине абадан даректүү сокку ура баштаган. Бул мезгил аралыгында РФтин аскердик аба күчтөрү 530 ирет сокку уруу менен, бир нече жүз согушкерди, ондогон башкаруу жайларын, ок-дары кампаларын жана башка террористтерге тиешелүү объектилерди жок кылышты. Андан тышкары, 26 канаттуу ракета менен Каспий деңиз флотунун кемелери да сокку урган.

Ак үй имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ Россиянын Сириядагы аракеттерине карата өзүнүн шарттарын коё баштады
Сокуу уруу үчүн жайлар Россия, Сирия, Ирак жана Иран мамлекеттерини чалгындоо малыматтарынын негизинде аныкталууда. Сириянын Россиядагы элчиси Рияд Хаддад мурдараак ырастагандай, соккулар оппозицияга же катардагы элге эмес, террористтик куралуу топторго каршы урулууда. 

РФтин Аскердик аба күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматына ылайык, россиялык авиациянын соккусу астында согушкерлер куралдар менен техниканын басымдуу бөлүгүнөн ажырап, сириялык күчтөр менен беттешкен жерден чегинүүгө аргасыз болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0