Күндүн катуу бүрккөн отунан пайда болчу магниттик бороон өтө кооптуу келет

© NASA / Hinode/XRTМагниттик боороон. Архив
Магниттик боороон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1859-жылы 1-сентябрда Күндүн кыртышынан бүркүлүп чыккан күчтүү оттон пайда болгон магниттик бороон Жерге болгону 18 саатта эле жеткен. Анын кесепетинен, бүтүндөй Европа менен Түндүк Американын телеграфтык системалары иштен чыгып калган.

БИШКЕК, 18-окт — Sputnik. Күндөгү катуу от бүркүүлөрдөн пайда болгон күчтүү геомагниттик бороондор азыркы цивилизация үчүн чоң коркунуч жаратат, бирок андай бороондорго көз салып жана алдын алуу боюнча илимий системалар начар деп жазылган La ciencia es noticia жарык көргөн макалада.

Окумуштуулар: мээни магниттик нурлантуу кудайга болгон ишенимди мокотот
Эң чоң геомагниттик бороон тарыхта 1859-жылы болгон. Ал 1859-жылдын 28-августунан 2-сентябрына чейин Күндүн бетиндеги катуу от бүркүүлөргө жана абдан чоң тактарга байкоо жүргүзгөн британиялык астономдун урматына "Кэррингтондун окуясы аталган". 1-сентябрда Күндүн кыртышынан бүркүлүп чыккан оттун күчү ушунчалык болгондуктан, андан пайда болгон магниттик бороон Жерге болгону 18 саатта эле жеткен. Адатта эки планетанын ортосундагы аралыкты мындай бороон 3 — 4 күндө өтөт. Анын кесепетинен, бүтүндөй Европа менен Түндүк Американын телеграфтык системалары иштен чыгып калган. 

Түндүк жаркырагы дүйнө боюнча байкалып, айрым жерлерде ал ушунчалык күчтүү болгондуктан, ал жакта жашагандар таң атты деп ойлошкон. 

"Ошондон бери Күндүн активдүүлүгүнөн жаралуучу геомагниттик бороондор улам барган сайын технологиядан, анын ичинде телебайланыш жана электр кубатын өткөрүү жагынан көбүрөөк көз каранды болуп бара жаткан коом үчүн олуттуу коркунуч экени түшүнүктүү болгон", — деп айтылат макалада.

Күн - Sputnik Кыргызстан
Парламенттик шайлоо күнү магниттик бороон болот
Бороондун кубатын так аныктап жана анын кесепеттерин алдын ала билүү үчүн бир нече атайын индекс иштелип чыккан, алардын бири Disturbance Storm Time Index (DST), жана анын жакшыртылган варианты — SYM-H. Алардын жардамы менен окумуштуулар геомагниттик толкундоолордун кубатын өлчөшөт. Бирок макаланын авторлору белгилегендей, бул индекстерди колдонгон атайын станциялар, мисалы, 2003-жылы 29-октярбрында болгон бөтөнчө чоң магниттик бороонго көз сала алышкан эмес. Ал эми ошол бороон Европа менен Афрмканын айрым өлкөлөрүндө трансформаторлорду иштен чыгарган.

Испания сыяктуу бир катар өлкөлөрдө, геомагниттик бороондорду ченөөнүн жогорудагы аталгандарга караганда бир топ так жана натыйжалуу жергиликтүү индекстери иштелип чыккан. Алар берген натыйжалар геомагниттик бороондордон баарынан биринчи жабыр артуучу, жогорку технологиялык жабдууларды колдоно турган электроэнергетикалык компаниялар үчүн пайдалуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0