Кытайлык актриса жүзүн жасалмалаган деп айыпталды

© AFP / ERIC FEFERBERGКытайлык белгилүү актриса Ян Вин. Архив
Кытайлык белгилүү актриса Ян Вин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Табигат берген сулуулугун далилдеш үчүн кытайлык актриса көз карандасыз эксперттерге кайрылууга аргасыз болду.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кытайлык белгилүү актриса Ян Вин табиятынан эле сулуу экенин делилдегенге аргасыз болду. Пекиндеги пластикалык хирургиялык клиника анын сулуулугу жасалмалуу деген билдирүүсүнөн кийин ырчы медициналык текшерүүгө барды деп жазат Independent гезити

Актер Стивен Сигал Ыраакы Чыгыш кабыланына Борте ханыша деген ысым ыйгарды
Хирургиялык клиниканын кызматкерлери Яндын сунушу менен анын бетине бир нече операцияларды жасашканын журналисттерге билдиришти. Кытайда Анжела Бэйби деген ат менен таанымал ырчы ага айтылган айыптоолорду четке кагып, европалыктарга окшогон жүзү немис чоң атасыныкын тартканын айтты.

Ал табиятынан эле сулуу экенин далилдеш үчүн көз карандысыз эксперттерге кайрылды. Анын жүзү рентгенге тартылып, жаак сөөктөрүy= жана эттерине операция жасалбаганы аныкталган.

26 жаштагы Ян ага жалаа жапкан клиниканы сотко берип, 79 миң доллар өлчөмүндө компенсация төлөп берүүнү талап кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0