Кытайда терроризмге каршы ШКУ мамлекеттеринин биргелешкен окуусу өтүүдө

© Sputnik / Сергей Кузнецов / Медиабанкка өтүүАскердик окуу учурунда. Архив
Аскердик окуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катышуучулар интернет түйүнүндө террористтик уюмдардын бузуку иш-аракеттерин табуу, алдын-алуу жана ага бөгөт коюу боюнча атайын иш-чараларды пландап, даярдоо жана жүргүзүү боюнча тажрыйбаларды мыктылашты.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кытайда терроризмге бөгөт коюу максатында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин компетентүү органдарынын биринчи биргелешкен "Сямынь-2015" штабдык окуусу өтүп жатканын УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара интернет түйүнүн террористтик, сепаратисттик жана экстремисттик максатта колдонууга каршы багытталган. 

Фронт ан-Нусра джихад тобунун мүчөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө экстремизмге, терроризмге каршы күрөшүү боюнча иш күчөтүлмөй болду
Окуунун негизги максаттары болуп ШКУ мамлекеттеринин укук коргоо органдарынын өз ара натыйжалуу иштешүүнүн жол-жоболорун жакшыртуу, укуктук өңүттөрдү, уюштуруу жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу, терс аракеттерге бөгөт коюу маселелери каралат.

Катышуучулар интернет түйүнүндө террористтик уюмдардын бузуку иш-аракеттерин табуу, алдын-алуу жана ага бөгөт коюу боюнча атайын иш-чараларды пландап, даярдоо жана жүргүзүү боюнча тажрыйбаларды мыктылашты.

"Сямынь-2015" окуусуна катышкан делегация жетекчилери иш-чаранын жогорку деңгээлде даярдалганын белгилеп, терроризмдин баардык көрүнүштөрү менен күрөшүү, тынчтыкты жана чөлкөмдөгү коопсуздукту сактоо боюнча мындай иш-чараларды дайыма жүргүзүүгө даярдыгын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0