Бөтөнчө полярдык жаркыроону ЭКСтен тартып алышты

© NASAАдаттагындан башкача жашыл түстүү полярдык жаркырак
Адаттагындан башкача жашыл түстүү полярдык жаркырак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эң кооз табигый көрүнүш 7-октябрда орто кубаттуулуктагы магниттик бороон учурунда тартып алынган.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Адаттагындан башкача жашыл түстүү полярдык жаркырактын Эл аралык космос станициясынан тартылган сүрөтү НАСАнын сайтында жарыяланды.

Сүрөттүн автору астронавт Скотт Келли аны 7-октябрь күнү Жерде орто кубаттуулуктагы магниттик бороон учурунда тартып алган.

Полярдык жаркырак — асмандын табигый жарыктануусу (люминесценция). Ал айрыкча бийик кеңдиктерде жакшы көрүнүп, күн шамалынын заряддалган бөлүкчөлөрү менен атмосферанын магниттик сферага ээ жогорку катмарларынын өз ара таасиринен пайда болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0