АКШ Россиянын Сириядагы аракеттерине карата өзүнүн шарттарын коё баштады

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАк үй имараты. Архив
Ак үй имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак үйдүн расмий өкүлү Жош Эрнест Москванын Сирияда жасап жаткан аракеттерине байланыштуу мурдагыдан да обочолонуп кала турганын эскертип, мунун кесепеттеринин бири катары Россия "жарандык согушка улам терең бата берет" деди.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. АКШ башында турган "Ислам мамлекетине" каршы эл аралык коалиция Россия террористтик уюм менен күрөштө олуттуу салым кошпосо, өз аракеттерин улантат деди бейшембиде Ак үйдүн расмий өкүлү Жош Эрнест. 

"Ислам мамлкети" менен күрөштө Россиянын чоң салым кошуусун биз колдойбуз, бирок андай болбосо, биздин коалициянын аракеттери уланат", — деди ал.

Россиянын Сириядагы согушкерлерине абадан сокку урушуна батыш аргасыз макул болду
Эрнест Сирияда жасап жаткандарына байланыштуу Москва "мурдагыдан да көп изоляцияга кабылат" деп коркутту. Ошондой эле ал мунун кесепеттеринин бири катары Россия "жарандык согушка улам терең бата бере турганын" белгиледи. 

Россия 30-сентябрдан тартып "Ислам мамлекетинин" Сирияда жайгашкан жерлерине абадан сокку ура баштаган. Буга чейин бул өлкөнүн президенти Башар Асад Москвага жардам сурап кайрылган болчу. Ал эми 2014-жылдын сентябрынан тартып АКШ башында турган коалиция БУУнун Коопсуздук кеңешинин уруксатысыз жана Сирия бийлиги менен макулдашпастан эле бул террористтик уюмдун ээлеген жерлерине сокку уруп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0