19:08 25 Аяк оона 2020
Түз эфир
  • USD79.4998
  • EUR92.6530
  • RUB1.0349
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
66 0 0

АКШ дарыгерлери бир суткада 12 миң ирет чүчкүргөн кызды кандай дарылай турганын билбей баштары маң болууда. Бала уктап алсын деп ага ата-энеси алергияга каршы дарыларды берип келишет.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Американын Техас штатында дарыгерлер бир күндө 12 миң жолу чүчкүргөн тестиер кыздын эч айласын таба албай жатканын CBS телекомпаниясы билдирди.

12 жашар Кэтлин Торнли бир мүнөттө 20 жолу чүчкүрүп, ал уктаганга чейин уланат. Уйкусу тынчыраак болушу үчүн кыздын ата-энеси ага атайы дары-дармек берүүгө аргасыз.

"Алгач аллергия болуп жаткан экемин деп ойлогом. Эми ичим ооруп калып жатат. Алым кетип калгандыктан, басканда да кыйналам", — деди Торнли.

Кызды ата-эне алты түрлүү дарыгерге көрсөткөн, анын бири да дарттын себебин таба алган эмес. Бирок аллергия экенин жокко чыгарышкан.

Түшүнүксүз илдеттен улам Кэтлин мектепти таштоого мажбур болду. Мындан тышкары, өзү кларнет ойноочу мектептин ансамблине да барбай калды.

Торнлинин айтымында, ал жайбаракат уктасам деп тилейт, анткени уктап жатып да түшүндө чүчкүрүп жаткан болот.

CBS телекомпаниясынын маалыматы боюнча, уктар алдында Кэтлин бенадрил аттуу дары ичип, Beatles тобун угат. Ал арада ата-эне чүрпөсүн дарттан арылта турган адис табыларына үмүттөнүп келет.

Тема боюнча

Кадамжайда ооруканага жаткырылган эки бейтаптын биринен күйдүргү дарты аныкталды
Көлдө шал оорусу менен жабыркаган балдарга кам көрүүнүн заманбап ыкмалары окутулду
Белгилер:
чүчкүрүү, оору, дарыгер, Техас, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ