Welt Сирия жөнүндө:алсыраган Европа биримдиги дүйнөгө өз шарттарын таңуулай албайт

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүСирия жана Ливия чек арасы. Архив
Сирия жана Ливия чек арасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европа өлкөлөрүнүн азыр кандайдыр бир шарт коюш үчүн жеңине катып турган эч көзүрү жок деп жазат немис басылмасы.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Батыш өлкөлөрү өзүнүн аскердик кийлигишүүлөрү менен Жакынкы Чыгышагы абалды башаламан кылып салып, эми Россиянын көз караштарына макул болушпаса да, ага каршылык көрсөтүшү кыйын деп жазат немистердин Die Welt басылмасы.

"Асаддын оппозициясы үчүн Америкадан, Улуу Британиядан жана Франциядан жашырып да, көз көрүнөө да курал ташуулар Сириядагы согушту токтотмок түгүл, кайра күчөтүп жиберди. "Ислам мамлекетин" жок кылуу аракети менен жасалган Батыштын бомбалоолору да ушундай эле натыйжа жараткан", — деген комментарийин берет басылма. 

Пентагондун экс-жетекчиси: АКШнын "Ислам мамлекетине" каршы стратегиясы ыраатсыз болчу
Европага миллиондогон качкындарды алып келген Жакынкы Чыгыштын кыйраган шартында саясатчылар бул кризистин аягына чыгыш үчүн каалагандай коалиция түзүүгө даяр. Россиянын тажрыйбалуу дипломаттары Сириядагы аталган террористтик уюмга каршы аскердик-саясий коалиция түзүү зарылчылыгы жөнүндө айта башташты. Россия, басылманын пикиринде, Сириядагы чыр-чатактын чечилишин Крым жана Донбасс боюнча РФтин көз карашы таанылышы менен байланыштырат. Ошону менен катар, Сириядагы да, Украинадагы да чыр-чатактын чечилиши, батыштын саясатчылары моюнга алабы-албайбы, баары бир көп жагынан Росссиядан көз каранды. 

Батыш өлкөлөрү күнөөнү өзүлөрүнө гана коё алат. Анан калса, өзүнүн шарттарын койгудай, Европа биримдиги азыр дүйнөлүк саясатта анча деле орчундуу орунду ээлебейт.

"АКШ менен Европа узак жылдар бою Иракта, Афганистанда, Ливияда, эми болсо Сирияда аскердик аракеттерди жүргүзүп келген. Бирок бул Жакынкы Чыгыш үчүн "анархиялык азапка" айланды. Эми алсыз Европа үчүн чыныгы саясаттын күчүн мойнуна алгандан башка эч арга жок", — деген тыянакка келет макаланын автору.

Жаңылыктар түрмөгү
0