Италиялык окумуштуулар ВИЧтен коргоочу белокту аныкташты

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ВИЧке каршы күрөштө жаңы үмүт жараткан Serinc5 белогу болду. Бул зат жаңы пайда болгон вирустар клеткадан чыгышын күтүп туруп, алар андан ары инфекцияны тарата албагыдай кылып "кол салат" экен.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Италиялык окумуштуулар адамдын организминде ВИЧ-инфекциясынын жана ага окшогон вирустардын жайылышына бөгөт боло ала турган клеткалык белокту ачышты деп айтылат Nature гезитинде жарыяланган илимий макалада.

Занятия йогой. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар йога менен машыгуу артритти жеңүүгө жардам берерин аныкташты
ВИЧ-инфекциясынын жайылышы анын табигый калканычтардан айланып өтүү жөндөмүнө жараша болору белгилүү. Ошондой эле ВИЧ СПИДди жаратышына вирусту агрессивдүү кыла турган Nef белогунун бар-жогу таасир этерин да окумуштуулар эбак аныкташкан. 

ВИЧке каршы күрөштө жаңы үмүт жараткан Serinc5 белогу болду. Тренто университетинин окумуштуулары тапкан бул белоктун түрү клеткалардын үстүңкү бетинде орун алган жана вируска каршы күрөштө чечүүчү ролду ойной алат.

Окумуштуулар тобунун жетекчиси Массимо Пиццато (Massimo Pizzato) айткандай, алардын жасаган ачылышы ВИЧтин "алсыз жери" бар экенин далилдейт.

"ВИЧ жуккан клетка жаңы вирустарды чыгарып, инфекцияны бүтүндөй организмге жайылта баштаганда, Serinc5 белогу кийлигишет: ал жаңы пайда болгон вирустар клеткадан чыгышын күтүп туруп, алар андан ары инфекцияны тарата албагыдай кылып "кол салат", — деп чечмеледи изилдөөчү.

ЖМК: АКШнын окумуштуулары эрте өлүмдүн себебин аныкташты
Тилекке каршы, азырынча Serinc5 ВИЧ менен күрөштө утулуп калып жатат, себеби вирус өз "душманын" жеңгенди үйрөнүп алган. "Бул кандайча болорун аныктадык:  Serinc5 белогун Nef клетканын үстүнкү бетинен жылдырып, ага тоскоолдук кылуу менен, вируска каршы аракеттерин жокко чыгарат экен", — деди Пиццато.

Окумуштуу белгилегендей, Nef менен Serinc5 кандайча бири-бирине өз ара таасир эте турганы азырынча толук түшүнүктүү боло элек, бирок аларды изилдөө ВИЧке каршы күрөшүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү бериши ыктымал. 

"Serinc5 вируска каршы күрөштүн өтө күчтүү каражаты болуп эсептелет. Биз азыр вирус бул калканычты айланып өтө албай жана Serinc5 өз ролун аягына чыгарышы үчүн аны ВИЧ үчүн "көрүнгүс" кылгыдай аракеттерди жасап жатабыз", — деген Пиццато.

Жаңылыктар түрмөгү
0