The Washington Times: Обама америкалыктардын эркиндигин тартып алууда

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүАмерика Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама. Архив
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы 250 жыл бою америкалыктар көз карандысыздыктын идеалдары үчүн күрөшүп келгенине карабай, эркиндик эми Барак Обаманын администрациясы үчүн эч баага арзыбай калды деп жазылат The Washington Times гезитине чыккан макалада.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бүгүн Америка Кошмо Штаттарынын көйгөйлөрү өлкөнүн эң башкы баалуулугу болуп эсептелген ички эркиндикке карата сүйүүсүн жоготуп, ошондой эле өлкө бүтүндөй дүйнө боюнча эркиндик отун алып жүрбөй калганына байланыштуу деп жазат журналист Тодд Вуд The Washington Times гезитине жарыяланган макаласында.

Путин менен Обама Сирия жана Украинанын көйгөйлөрүн талкуулашты
Вуд мамлекеттин дөөлөтүн эркиндикке умтулуу менен гана кайра кайтарууга болот деп эсептейт.

Журналист америкалыктар көз жуумп коюга аркеттенип жаткан көрүнүштөр жөнүндө кеп кылганын баса белгилейт. Бирок "баарынан мыкты дары — чындык", — деп жазат ал.

Вуд Обаманын администрациясынын иши, мейли Иран менен өзөктүк курал жөнүндө макулдашуу болобу, Жакынкы Чыгыштан аскерлерди алып чыгуу же "Ислам мамлекети" менен күрөш болобу, иши кылып, бардык саясаты АКШнын дүйнөдөгү беделин түшүрүүдө деп сынга алат. 

Вуддун пикиринде, эркиндик маселесин АКШнын лидери такыр ойлобой калды. Ал Барак Обаманын БУУнун Башкы ассамблеясындагы сөзүн мисал келтирип, америкалык президент өзүн "тарыхта биринчи жолу дүйнөдөгү эң күчтүү аскер күчтөрүнүн башкы командачысы" атаганын эскерет.

Financial Times: "Путиндин сириялык гамбити" АКШнын айласын түгөттү
Ал тургай, АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш (кичүүсү) да, өзүнүн кетирген каталарына карабай, кыраакы адам болгон деп белгилейт Вуд. Анын айтымында, Буш америкалыктар 250 жыл бою күрөшүп келген эркиндиктин идеалдарын дайыма коргоп келген. 

Ошондой эле Вуд, Обама башчылык кылып турганда көпчүлүк бийлик түзүмдөрүндө коррупция пайда болуп, андан Жашыруун кызматы, айлана-чөйрө боюнча агенттик, салык кызматы да четте калган жок дейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0