Бүгүн Португалияда дагы парламенттик шайлоо өтүүдө

© AFP / JOSE MANUEL RIBEIROСоциалдык партиянын башкы катчысы Антонио Коста. Архив
Социалдык партиянын башкы катчысы Антонио Коста. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Португалиядагы шайлоого 13 саясий партия катышууда. Шайлоочулар ошондой эле, үч коалицияны тандашат.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Португалияда да жекшемби күнү парламенттик шайлоо өтүүдө. Ал жактагы шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 8.00дө ачылды. Ал жакта 9,7 миллион киши добуш берүү укугуна ээ.

Атамбаев өз добушун Бишкек шаарындагы №5 кесиптик лицейиндеги шайлоо участогунда берди
Шайлоого 13 партия катышууда. Атаандаштык негизинен Португалиянын социалдык партиясы менен Социал-демократиялык партиянын/Португалиянын элдик партиясынын ортосунда күч болууда. Азыркы өкмөт башчысы Педр Пассуш Коэлью да шайлоого катышып жатат. Парламенттеги көпчүлүк орунду алуу үчүн алар шайлоочулардын 44 пайыз добушуна ээ болушу керек.

Жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, шайлоодо жеңишке жетүүгө консерваторлордун  мүмкүнчүлүгү жогору, бирок алар 44 пайыз добуш ала турганы күмөндүү. Көпчүлүк орунга ээ болуш үчүн алар 230 орундун 116сын алышы керек.

Сурамжылоо көрсөткөндөй, шайлоочулардын 20-27 пайызы кайсы партияны колдой тургандыктарын так билишпейт. Андыктан калктын дал ушул катмары шайлоонун жыйынтыктарына чоң таасир берет дейт адистер.

Шайлоо участкалары кечки саат 7.00дө жабылат.

Добуш берүүдө бишкектиктер менен нарындыктар активдүүлүгүн көрсөтүүдө
Бүгүн Кыргызстанда да парламенттик шайлоо өтүүдө. Анда жарандар биометрикалык маалыматтар боюнча добуш берип жатат. Бул ыкма КМШ мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болуп Кыргызстанда колдонулууда.

Депутаттык мандат үчүн 14 саясий партия ат салышууда. Өлкө боюнча 2 374 шайлоо участоктору ачылып, ал эми чет мамлекеттерде 36 участок иштөөдө.

Кыргызстандагы шайлоого биометрикалык маалыматтарын тапшырган 2 миллион 761 миң 269 шайлоочу катышат.

Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшү тууралуу Sputnik агенттигинин онлайн-репортажынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0