ЖККУ Кундуздагы окуя аймакка кооптуулук жаратат деп эсептейт

© AFP / WAKIL KOHSAR Кундузду талибдер басып алган аймактан кийин жүргөн афган аскерлери. Архив
Кундузду талибдер басып алган аймактан кийин жүргөн афган аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бордюжанын айтымында, ЖККУ аймагында чек араларды коргоого да, абалды туруксуздаштырууга жол бербөөгө да бардык мүмкүнчүлүк бар.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишим боюнча уюм (ЖККУ) Афганистандын Кундуз шаарындагы окуяларды жалпы аймакка кооптуулук жаратарын уюмдун башкы катчысы Николай Бордюжа билдирди.

Кундузду талибдер дүйшөмбү күнү басып алышкан. Шейшемби күнү эртең менен Афганистандын Коргоо министрлиги 300 миң жашоочусу бар шаарды талибдерден бошотуу операциясы башталганын жар салган. Эртеси АКШ аба күчтөрүнүн соккусунан улам 160 согушкер жок кылынып, бейшемби күнү шаар толугу менен бошотулган.

"Террористтик уюмдардын мындай каршылыгы афган бийлиги менен көйгөйлөрдү бирге чечүүнүн ордуна, алардын ири согуштук аракеттерге даяр экенин далилдейт", — деди Бордюжа.

ЖККУ кооптуу жагдайдын уюмга мүчө мамлекеттердин чек арасына жакын аймактарда түзүлүшүнө тынчсызданууну жаратарын белгилейт. Кундуз Тажикстандан болгону 70 чакырым алыстыкта жайгашкан.

"Мындай согуштук аракеттерди туруктуулукка жана коопсуздукка коркунуч жаратат", — деди башкы катчы.

Бордюжанын айтымында, Тажикстан менен ЖККУнун өз аймагында чек араларды коргоого да, абалды туруксуздаштырууга жол бербөөгө да бардык мүмкүнчүлүгү бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0