06:13 01 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7888
  • EUR96.2310
  • RUB1.1321
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Россиянын аскердик аба күчтөрүнүн чет жакта колдонулушу (26)
119 0 0

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сириядагы чыр-чатакты чечүүгө Россияны тартуу АКШ үчүн кризисти жөнгө салуу "мүмкүнчүлүгү" болушу ыктымалдыгын кошумчалады.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. АКШ Сириянын бийлиги "акырындык менен башка колго өтүшүн" колдойт жана өлкөнүн президенти Башар Асадды токтоосуз кызматынан кетирүүгө чакырбайт деди АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри CNN телеканалына берген маегинде.

"Бул натыйжа бербейт экен, биз аны өзгөрттүк. Бийлик акырындык менен башкага өтүшү керек жана жаза, өлүм жана өч алууга байланышкан коркунучтар болбошу үчүн бул процессти сөзсүз башкаруу керек", — деп жооп берди Керри журналисттин АКШ мурда Асаддын токтооосуз кетишин талап кылып жаткан деген сөзүнө. Эгер Асад өз ордунан эрте баш тартса, бул "өлкөнүн ичин көздөй багытталган жардыруу болот жана ал Сирияда коомдук жашоону такыр жок кылат" деп кошумчалады ал. 

Ошентип, телеканал белгилегендей, Керри АКШнын көз карашы өзгөргөнүн билдирди.

Андан тышкары, Керри Сириядагы чыр-чатакты чечүүгө Россияны тартуу АКШ үчүн кризисти жөнгө салуу "мүмкүнчүлүгү" болушу ыктымал экенин да белгиледи. 

Россиянын президенти Владимир Путин дүйшөмбү күнү БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөп жатып, дүйнөлүк коомчулукту терроризмге каршы ислам өлкөлөрүнүн катышуусундагы эл аралык ири коалиция түзүүгө чакырган эле. Россия, Иран, Ирак жана Сирия мурдараак "Ислам мамлекети" менен күрөштү жөнгө салуу үчүн Багдадда жалпы маалымат борборун түзгөн болчу. 

Сирияда 2011-жылдын март айынан бери уланып келе жаткан куралдуу чыр-чатак, БУУнун маалыматы боюнча, 220 миңден ашык адамдын өлүмүнө себепкер болду. Өкмөттүк аскерлерге түрдүү куралдуу түзүмдөрдүн согушкерлери каршылык көрсөтүүдө. Алардын ичинен "Ислам мамлекети" жана "Жебхат ан-Нусра" экстремисттик топтору эң активдүү болуп эсептелет. 

"Ислам мамлекетине" каршы күрөшүүчү бирдиктүү фронт жок: топко Сирия менен Ирактын өкмөттүк күчтөрү, АКШ башында турган эл аралык коалиция (азырынча абадан сокку уруу менен гана чектелүүдө), ошондой эле күрттөр жана Ливан менен Ирактын шейит ыктыярчылары каршылык көрсөтүүдө. Жүз миңдеген карапайым эл согуш аракеттеринин курмандыгы болуп, дагы бир нече миңдегени качкынга айланды.

Тема:
Россиянын аскердик аба күчтөрүнүн чет жакта колдонулушу (26)

Тема боюнча

Путин менен Обама Сирия жана Украинанын көйгөйлөрүн талкуулашты
Financial Times: "Путиндин сириялык гамбити" АКШнын айласын түгөттү
Белгилер:
АКШ, Башар Асад, Жон Керри, коалиция

ЭҢ МААНИЛҮҮ