НАСАнын окумуштуусу Марста суу бар деп билдирди

© NASA/ JPL/University of ArizonaКратер Горовицтеги кара үтүр жайлары. Архив
Кратер Горовицтеги кара үтүр жайлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
НАСАнын адистери Марста өтө туздуу суу агымдары болгонуна далил табышты.

БИШКЕК, 30-сент. – Sputnik. Фото сүрөттөр жана MRO зондунун инструменттеринен алынган маалыматтар Марстын экваторго жакын үстүңкү бетинде абдан туздуу суунун кандайдыр бир булактары мезгил-мезгили менен пайда болуп турарын, алар кратерлердин эңкейиштеринде калыңдыгы бир нече метрге жеткен табышмактуу күңүрт издерди калтырарын көрсөткөн. 

"Марс, биз мурда ойлогондой, суусуз кургак планета эмес. Биз бүгүн Марста белгилүү бир жагдайларда суу пайда боло турганы аныкталганыН жарыялайлы деп жатабыз", — деди НАСАнын планетология бөлүмүнүн башчысы.

Окумуштуулар 2011-жылдан бери Марстын үстүңкү бетиндеги бөтөнчө көрүнүштү изилдеп жатышкан. Бирок алар эми гана НАСА өзү атагандай, "Марстын табышмагын жандырышып", чынында эле туздуу булактар бар экенин далилдей алышты.

Марс планетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Opportunity Марстагы кышка даярданууда
Марстагы Паликир жана Хейл деп аталган кратерлерге байкоо жүргүзүү учурунда CRISM жабдуусу чогулткан маалыматтарды талдап жатып, планетологдор калың жана узун күңүрт жолчолорду байкашкан.

Ал тилкелердин чектерин изилдөөдө алардын ичинде көп сандаган гидратталган туздар бар экени аныкталган. Булар суунун бир нече молекуласын өзүнө камтыган кадимки эле туз кристаллдары болуп эсептелет. 

Күңүрт түстүү тилкелерди жана гидратталган туздарды калыптандырган суулар кайдан келип чыкканын окумуштуулар азырынча аныктай элек. 

Мурдараак планетологдор Nature Communications журналына Марстын үстүңкү бетинде суюк абалдагы суу, ал тургай, өзүнчө бир дарыялар да миллиондой жыл мурун, Кызыл планетанын айлануу огу азыркыдан бир топ жантайыңкы болуп турганда бар болчу деп жазышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0