Айрым тамеки чегүүчүлөрдүн өпкөсү эмне үчүн таза болорун окумуштуулар аныктады

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүТамеки. Архив
Тамеки. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүк тамекиге берилгендердин өпкөсү таза болушу алардын ДНКсындагы мутациялардын бөтөнчө тобуна байланыштуу болот. Андай мутанттар өпкөнү өзүнө кеткен доого дароо "чара көрүп", тез эле кайра калыбына келүүгө аргасыз кылат экен.

БИШКЕК, 30-сен. – Sputnik. Тамеки чеккендердин айрымдарынын өпкөсүнүн таза болушу алардын генинде өпкөнүн клеткаларын башкаруучу бөтөнчө мутациялардын бар экендиги менен түшүндүрүлөт. Алар дем алуу системасынын ишин жакшыртып, тамекинин тийгизген терс таасирин жоюп турат деп айтылат Lancet Respiratory Medicine журналына жарыяланган британиялык окумуштуулардын макаласында.

Занятия йогой. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар йога менен машыгуу артритти жеңүүгө жардам берерин аныкташты
Тамеки чегүү жана абаны булгоочу ар кандай микро бөлүкчөлөр өпкөнүн өнөкөт оорусуна алып келери белгилүү. Анда дем алуу түтүктөрү өпкөнүн тканы сезгенишинен акырындап ичкерип кетет. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, өпкөнүн мындай обструктивдүү өнөкөт оорусу 2020-жылы өлүмгө алып келүүчү дарттардын тизмесинде үчүнчү орунга чыгат. Бул оорунун өрчүшүнө 80-90% учурда активдүү же пассивдүү тамеки чегүү себеп болот.

Айэн Холл (Ian Hall) жетекчилик кылган Ноттингэм университетинин (Британия) медиктери кенен изилдөө жүргүзүп, анын алкагында акыркы жылдары өпкөнүн аталган өнөкөт оорусуна чалдыккан 50 миңден ашык британиялыктарды иликтеп чыгышкан. Алардын арасында тамеки чеккендер да, чекпегендер да бар.

Башка көп суроолор менен катар, окумуштууларды эмне үчүн көпчүлүк кишилер ондогон жылдар бою тамеки чексе да, өпкөлөрү дээрлик таза болуп жана обструктивдүү өнөкөт ооруга чалдыкпайт деген суроо кызыктырган. Алар бейтаптардын ДНКларын салыштыруу менен бул медициналык табышмактын жандырмагын тапканга аракеттенишкен. 

Кутусуна чылым чегүүнүн зыяндуулугу сүрөттөр түшүрүлгөн тамекилер Кыргызстанда сатыкка чыга баштады. - Sputnik Кыргызстан
Жагымсыз сүрөт түшүрүлгөн тамеки сатыкка чыга баштады
Мындай "дени сак" тамеки чегүүүчүлөрдүн геномунда өпкөгө келтирилип жаткан доого жооп берүүчү гендерди бир топ активдүү кыла турган бөтөнчө бир мутациялар табылган. Ошонун аркасы менен өпкө тамекинин тийгизген терс таасиринен жана түтүн менен кошо келе турган бөлүкчөлөрдөн жакшыраак арылат экен.

Окумуштуулар белгилегендей, бул гендер өпкөнү "эч жабыркагыс" кылбайт – эгер мындай генге ээ адамдар тамеки чекпегенде, дем алуу органдары азыркыдан жакшы абалда болмок. Ошондуктан Холл жана анын кесиптештери мындай мутациялар бар болсо да, тамеки чекпөөнү кеңеш кылат.

Британиялык изилдөөчүлөр бул ачылыш өпкөнү обструктивдүү өнөкөт оорусунан коргой турган жана ага чалдыккандардын дем алуусун жеңилдетүүчү дарыларды ойлоп табууга мүмкүндүк берет деген ишеничте. 

Жаңылыктар түрмөгү
0