Жүз жылдык шампан ичимдиги 116 миң долларга сатылды

© Sputnik / И. Зенин / Медиабанкка өтүүЭски шампанский. Архив
Эски шампанский. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аукциондун утуучусу бөтөлкөнү гана эмес, Франциянын түндүк-чыгышындагы Шампань аймагында саякаттоо мүмкүнчүлүгүн да алды.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Sotheby's аукциондор үйүндө 1915-жылы чыккан бир бөтөлкө Krug шампаны 116 миң долларга сатылды. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында айтылат.

Аукционго даярдык. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жырткыч аллоназаврдын сөөгү сатыкка коюлат
Франс Пресс агеттигинин маалыматына ылайык, аукциондун эң көп акча сунуштаган катышуучусу бөтөлкөдөн башка Франциянын түндүк-чыгышындагы арак-шарап чыгаруучу Шампань аймагында саякаттоого төрт кишилик билет утуп алды. Саякат учурунда ал өзүнүн жолдоштору менен утуп алган шампан сакталып турган жер төлөнү да көрө алат. 

Француздардын "Моэт" жана "Клико" сыяктуу эски шарап үйлөрүнөн айырмаланып, Krug 1843-жылы гана германиялык Йохан Йозеф Круг тарабынан негизделген. Бул азыркыга чейин бир гана үй-бүлөнүн колунда турган аз сандагы шарап үйлөрүнүн бири. 1999-жылы фирма LVMH (Louis Vuitton — Moёt Hennesy) карамагына өткөнүнө карабай, ал өз алдынчалыгын толук сактап жана аны мурдагыдай эле негиздөөчүнүн алтынчы муундагы тукумдары башкарып келет.

Кругдун үй-бүлөсүнө тиешелүү коллекциялык шампан ичимдиги бөтөлкөдө 15-20 жыл сакталат жана коллекциячылар арасында жогору баага ээ.

Жаңылыктар түрмөгү
0