Volkswagen маркасындагы 5 млн. автоунаанын кээ бир тетиктери бузук экени аныкталды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүVolkswagen заводунун кызматкери автоуннаны текшерип жатат. Архив
Volkswagen заводунун кызматкери автоуннаны текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтынчы муундагы Golf, жетинчи муундагы Passat жана биринчи муундагы Tiguan автоунааларында орнотулган программалык камсыздандыруу жабдыгы абага ташталуучу зыяндуу заттардын көрсөткүчүн жасалма түрдө төмөндөткөн.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Анык болгондой, Volkswagen маркасындагы 5 миллионго жакын машина программалык камсыздоочу бузук тетик менен жабдылган деп жума күнү DPA агенттиги концерндин башчысы Маттиас Мюллерге таянуу менен билдирди.

Агенттиктин маалыматы боюнча, мындай мүчүлүштүк автоунаанын ар кайсы жылдары чыгарылган үлгүлөрүнөн табылган. Мисалы, абага ташталуучу зыяндуу заттардын көлөмүн азайтып көрсөткөн программалык жабдуу алтынчы муундагы Golf, жетинчи муундагы Passat жана биринчи муундагы Tiguan автоунааларында орнотулган.

"Биз өзүбүздүн соода өнөктөштөрүбүзгө, кардарларыбызга жана коомчулукка мүмкүн болушунча эртерээк бере турган техникалык чечимдин үстүндө катуу иштеп жатабыз", — деди Volkswagen маркасынын башкармалыгынын төрагасы Герберт Дисс.

Анын айтымында, жаңжал Volkswagen маркасындагы жаңы автоунааларына тийиштүү эмес. Golf, Passat жана Tiguan үлгүсүндөгү жаңы унаалар Европада учурда колдонулуп жаткан бардык ченемдердин нормаларына туура келет.

Кыргызстанда өнөр жай силиконун өндүрүүчү завод курулат
Volkswagen дүйнө боюнча жер-жерлердеги рынокторго бузук унаалардын саны жөнүндө маалымат берди. Аларды оңдоонун үстүндө концерн автоунааларын пайдаланууга уруксат берүүчү инспекциялар менен тыгыз иштейт деп кошумчалады Дисс. Аталган унаалар кайда сатылганы жөнүндө ал маалымат берген жок. Volkswagen АКШда "таза дизелдик кыймылдаткычтар" жарнамасын токтотту. Немис концерни мүчүлүштүктөр четтетилгенден кийин жарнамалык кампанияны кайра улантарын Рейтер агенттиги билдирет.

Мурдараак Германиянын транспорт министри Александр Добриндт абага ташталып жаткан зыяндуу заттардын анык көлөмү Volkswagen автоконцернинин чакан жүк ташуучу унааларында да бурмаланганын билдирген.

Volkswagen АКШда дизелдик унааны пайдаланууда чыгуучу зыяндуу заттарды азайтып көрсөтүүчү программалык жабдуу орнотулганы үчүн айыпталган. Америка концернди 2009-2015-жылдары өлкөдө сатылган Volkswagen жана Audi маркасындагы 48 миң машинаны кайра артка алууга милдеттендирген. Компания 18,075 миллиард доллар айып тартышы да мүмкүн. Мурда кабарлангандай, автоунаалардан чыккан түтүндөгү зыяндуу заттар боюнча экологиялык тест дүйнө боюнча концерндин 11 миллион машинасында бурмаланган. Бул тизмеге EA 189 түрүндөгү кыймылдаткычы бар автоунаалар кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0