Улуту боюнча француз Давид Дружон 5-июлда коалиция Алеппого абадан сокку урганда өлгөнүн Пентагондун өкүлү Питер Кук билдирди. Дружон "Аль-Каиданын" курамына кирүүчү "Хорасан" тобунда жардыруучу заттар боюнча эксперт болчу. Ошондой эле Дружон батыш өлкөлөрүнө кол салууну пландап, террористтерди окутуу менен алектенген деп эсептейт Пентагон.
Каза болгондордун экинчиси — Абу-Бакр аль-Туркмани, "Ислам мамлекетинин" лидерлеринин бири, Ирак аскеринин мурдагы подполковниги. Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест Пентагондун билдирүүсүн тактап, аль-Туркмани 10-сентябрда Иракта өлтүрүлгөнүн айтты.
Анын айтымында, аль-Туркманинин өлүмү "Ислам мамлекетинин" Мосулдагы жана Ирактын Таль-Афарындагы операцияларына тоскоолдук жаратып, ошондой эле террористтердин "эркин аракеттерин" кыйындатат.
АКШ жана бир катар башка өлкөлөр 2014-жылдан бери Сирия менен Ирактын аймагында "Ислам мамлекети" тобуна каршы абадан сокку уруп келет, алардын чабуулуна "Хорасан" тобу да дуушар болгон учурлар бар.
Садыр Жапаровдун инаугурациясына бир күн калды. Президенттин ант берүү аземи башынан аягына чейин кандай болору жана кайсы коноктор чакырылганы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.
Белгилүү драматург, Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев быйыл 85 жашка келип отурат. Анын "Атанын тагдыры" драмасы бир канча тилдерге которулуп, театрлардын сахнасында ойнолуп келген.