10:19 07 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6016
  • RUB1.1108
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
7410

"Селфини" жакшы көргөндөрдүн көбү бийик имараттардан кулап, же поезддин алдында калып өлөт. Бул маселени олуттуу деп кароого болбосо да, мындай көрүнүш өсүп бара жатканы айкын. Андыктан "селфи" жөн эле жайма-жай көңүл ачуу болбой калды деп жазат америкалык басылма.

БИШКЕК, 23-сен. – Sputnik. 2015-жылы акуланын кол салуусунан каза болгондорго караганда "селфи" жасап жатып өлгөндөр көп болду деп жазат америкалык Mashable басылмасы. 

"Селфи" жасайм деп өлгөндөрдүн саны 2015-жылы 12 кишиге жеткен, ал эми акуланын кол салуусунан сегиз адам каза болгон.

Көрсөткүчтөр аз болгонуна карабай, бөтөн жерде "селфи" жасоо коркунучтуу болушу мүмкүндүгү далилденип жатат деп белгилейт Mashable.

Андан ары басылма өзүн телефонго тартуу аракеттери кырсык менен бүтө турган негизги жагдайларды атаган. 

Бийиктиктен кулап түшүп өлгөн төрт адамдын бири — 66 жашар япониялык турист. Ал Тадж-Махалдын тепкичинен сүрөткө түшөм деп кулап кеткен. Экинчиси, поездге өтө жакын барып сүрөткө түшүү эсептелет. 

Өлүп калуу коркунучу болгонуна байланыштуу айрым парктар менен коруктарда жаныбарлардын фонунда "селфи" жасоого тыюу салынганын басылма билдирет. 

"Коркунучтуу селфиге" каршы турууга жакшы мисал катары басылма Россияда чыккан эскертме китепчени атайт. Анда жеке коопсуздук чараларын көрүү менен селфи учурунда колго курал албоону, кулап кетүүгө мүмкүн болгон жерге турбоону жана жырткыч жаныбарларга жакын же поезддердин жанында өзүн сүрөткө тартууга болбой тургандыгы эскертилет.

Селфи англис тилинде өзүн, өз дегенди билдирет. Азыр дээрлик бардык тилдерде эч которуусуз эле өзүн-өзү сүрөткө тартуу деген мааниде колдонулат. Айрыкча 2010-жылдардын башында телефондордо фотоаппарат кеңири пайда болгондон тарта жайылган. Термин дал ушул мааниде биринчи жолу 2002-жылы колдонулганы белгилүү. Азыр Жер жүзүнүн бардык булуң-бурчундагы жаштар менен катар, Рим Папасы, мамлекеттик лидерлер сыяктуу дүйнөнүн абройлуу инсандары да селфиге түшөрүн Интернет барактары күн сайын айгинелейт. 

Бирок өзүнүн автопортретин фотоаппараттын жардамы менен жаратуу алгачкы портативдүү фотокамера ойлоп табылганда эле (Кодак Врауни, 1900) пайда болгон. Өзүн алгачкы жолу сүрөткө тарткандардын арасында улуу орустун падышасы Николай Экинчинин кызы Анастасия да бар. Ал 1914-жылы өзүнүн досуна салган сүрөтүнө аны күзгүгө карап өзү тартканы жөнүндө жазылган.

Тема боюнча

ЖМК: Меккеде кулаган кран Усама бен Ладендин үй-бүлөсүнө таандык
Белгилер:
селфи, Сүрөт

ЭҢ МААНИЛҮҮ