БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Ирандын президенти Хасан Роухани CBS телеканалына берген маегинде жума күнү намаз учурунда айтылган "Америкага өлүм" урааны АКШнын элине каршы багытталбаганын, Иран "Американын элин сыйлай турганын жана эч ким менен согушкусу келбестигин" билдирди.
Роухани Штаттар менен Ирандын ортосунда көп жылдан бери келе жаткан кастык, пикир келишпестик жана ишенимдин жоктугу жакынкы арада эле жоюлуп кетпейт деп жооп берди. Азыр эки өлкө тең кайсы багытта бара жатканы көбүрөөк мааниге ээ жана, анын көз карашында, чыңалууну азайтууга карай алгачкы кадамдар жасалды.
"Шайтан — бул айткан сөздөрү чындыкка дал келбөөчү күч. АКШ биздин мамилелерде көп ката кетирди деп айта алам жана аларды өзү оңдошу керек… Американын Иранга карата саясаты кас маанайда болчу, ошондуктан бул адамдар үчүн курч маселе экени түшүнүктүү — биз өткөндү унутуп коё албайбыз, бирок биздин көз карашыбыз келечекке багытталышы керек",- деди президент.
Ирандын президенти Хасан Рухани өлкө башчылыгында 2013-жылдан бери турат. Анын диний багытта жана мамлекеттик укук багытында жогорку билими бар. Философия илимдеринин доктору. 15 жашынан тартып саясий кыймылдарга катышып, 1978-жылдагы Иранда болгон ислам революциясынан бери мамлекеттик башкаруу кызматтарында иштеген. Орус, араб, француз жана англис тилдерин билет.