"Жамааттык акыл" топ элге кандай таасир кыларын математика көрсөттү

© Sputnik / Виктор Чернов / Медиабанкка өтүүАнтивоенная манифестация в Москве
Антивоенная манифестация в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар кишилер тобунун "жаматтык акылы" деген эмне экенин математиканын негизинде көрсөтүштү. Бул көптөгөн саясий феномендерди жана жалпы топтун чечимдерди кабыл алышына байланышкан башка нерселерди түшүнүүгө жардам берди.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Питтсбургдун окумуштуулары кишилер тобунун "жаматтык акылы" кандай иштей турганын жана биздин коомдо эмне үчүн жугуштуу маркетинг жана тез эле жоголуп кетүүчү бир күндүк бренддер бар экенин түшүндүрө турган оригиналдуу компьютердик моделди түзүшкөн. Бул туурасында Science Advances журналындагы басылган макалада жазылган. 

"Президенттик праймериз жүрүп жатат дейли, анда көп сандагы талапкерлер менен шайлоочулар — бир топ киши катышат. Талапкер лидер, мисалы, Дональд Трамп ЖМКларга көп чыгып, элдин көңүлүн буруп, шайлоочуларды өзүнүн катуу чыккан аты менен эле өзүнө добуш бердире алат. Бирок басма сөз менен электораттын ага ашыкча көңүл бурушунан анын терс жактарын да ачып көрсөтүшү мүмкүн, бул болсо Трамптын рейтингин түшүрүп да коёт", — дейт Дэвид Хагманн (David Hagmann) Питтсбургдун Карнеги-Меллон университетинен(США).

Хагманн жана анын кесиптештери мындай саясий феномендерге жана жамааттык чечимдерди кабыл алууга байланышкан көп сандагы башка көрүнүштөрдү бөтөнчө бир математикалык үлгүнү иштеп табуу менен түшүндүрүп беришкен. Ал үлгүнүн принциптерин окумуштуулар жаныбарлар дүйнөсүнүн эки өкүлү – аарылар менен бактериялардан алышкан. 

Окумуштуу: жакын арада бир миллиард адамдын турак-жайы суу алдында калат
Бул эки организм тең абдан көп санда топтошуп жашары белгилүү. Ошону менен катар алар топтун аз эле сандагы мүчөлөрүнө келип түшө турган белгилерди пайдалануу менен татаал чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү. Буга аарылар уюл салууга жаңы жерди кантип тандашары айкын мисал болот. Бул үчүн алар "жамааттык акыл" тарабынан издөөгө жиберилген аз гана сандагы "чалгынчылардын" пикирлерине таянышат. 

Ушул эле принциптерди колдонуу менен Хагмандын тобу көп сандагы адамдардын тобу кандайча чечим кабыл алыша турганын кадимкидей анык көрсөтө турган компьютердик алгоритмди түзүүгө жетишкен. 

Анын иштеши өтө жөнөкөй — топтун ичинде аз сандагы малыматтарды алууга мүмкүнчүлүгү бар бир нече виртуалдык "адам" бар. Андай "кишинин" ар бири алдын ала белгиленген аракетти жасоо жөнүндө чечим кабыл ала алат жана анын мындай ниети дароо эле тегеректегилерге дайын болот. Алар анын артынан ээрчип же өз альтернативасын коё алышат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0