Foreign Affairs: РФтин Жакынкы Чыгыштагы ийгилиги ЕБ үчүн күтүүсүз болду

© Sputnik / Сергей Сергеев / Медиабанкка өтүүРоссия Федерациясынын желеги. Архив
Россия Федерациясынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орус дипломатиясынын Жакынкы Чыгыштагы ийгиликтери Батышты таң калтырды деп эсептейт Foreign Affairs серепчиси. Анын пикиринде, Россия аталган чөлкөмдө өз ордун бекемдеп, АКШ менен тең башкы оюнчу болуу ниетинде.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Россия Жакынкы Чыгышта жана Жер ортолук деңизде улам барган сайын чечкиндүү аракеттерди жүргүзүшү Батыш үчүн күтүүсүз болду деп жазат Дмитрий Адамский Foreign Affairs үчүн даярдаган макаласында. 

NYT: Россия Жер ортолук деңизде Ливия окуясын кайталоого ЕБ үчүн тоскоолдук жаратууда
Анын айтымында, аталган аймактарда Россиянын саясатынын негизги багыттары болуп исламчыларды кармап туруучу буфердик аймак түзүү, атомдук энергетика жаатында кызматташуу, Жер ортолук деңиз чөлкөмүндө жана жергиликтүү христиандар арасында өз таасирин бекемдөө эсептелет. Автор бул багытта Москванын жетишип жаткан ийгиликтери аны АКШ менен катар аймактагы олуттуу оюнчуга айлантууда деп эсептейт.

"Араб жазынын" кесепеттерине карабай, Москва Иран, Ливия жана Сирия менен кызматташтыгын сактай алды. Ошондой эле Россия АКШнын өз шериктештери Египет, Иордания, Сауд Аравиясы жана Перси булуңунун өлкөлөрү менен мамилелеринин татаалдашуусунан да пайда таба алган. Алсак, июнь айында Москвага Сауд ханзадасы, августта Иорданиянын падышасы, Египеттин президенти жана ханзада Абу-Даби келип кеткен. Күзүндө болсо Россияга Кувейттин эмири жана Сауд Аравиянын падышасы келмекчи.

"Чөлкөмдөгү АКШнын башкы шериктеши жана Сириянын оппозициясынын демөөрчүсү Эр-Рияд менен мамилелериндеги Москванын ийгиликтерин өзгөчө белгилөө керек. Акыркы жыл ичинде Россия менен Сауд Аравиясы Сирияда чыр-чатакты жөнгө салуу жөнүндө диалог түзүп, курал берүү маселесин, Россияга 10 млрд. доллар көлөмүндөгү инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле ондон ашуун АЭС куруу боюнча келишимди талкуулашты", — деп айтылат макалада. 

Ошондой эле серепчи Орус православ чиркөөсүнүн Жакынкы Чыгыштагы иш-аракеттерин айтып, бул Москвага белгилүү бир диломатиялык демилгелер менен чыгууга мүмкүндүк берерин кошумчалайт. Автордун пикиринде, Россиянын Сириядагы химиялык куралды жок кылуу боюнча демилгесин Ватикан колдогондугу бир жагынан 2013-жылы АКШнын Сирияга басып киришине жол берилбегендигине шарт болгон. Ватикан Жакынкы Чыгышта христиандардын коргоочусу катары АКШны эмес, Кремлди эсептей турганы макалада айтылат. 

Independent: Жакынкы Чыгышта көзүрдүн баары Путиндин колунда
Ийгиликтерге шыктанган Москва өзүнүн аталган чөлкөмдөгү ордун мындан ары да бекемдейт деп жазат Адамский. Азыр негизги милдет — Россия үчүн чыныгы коркунуч туудуруп жаткан "Ислам мамлекетине" ("ИМ") каршы күрөш. Серепчинин пикиринде, "ИМ" менен күрөшүү үчүн Москва өзүнүн коалициясын түзүп ага Сирия, Иран, "Хезболла" жана башка исламисттер менен кармашып жаткан күчтөр кириши ыктымал. Бул аймактык чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча адис жана ишеничтүү шериктеш катары Россиянын баркын көтөрөт. Өзү жараткан көйгөйлөрдү өзү чечүүгө шашылбаган Вашингтондон Москва дал ушунусу менен айырмаланат. 

Андан тышкары, РФтин жаңы аскердик доктринасына ылайык, россиялык флот жакынкы жылдары Жер ортолук деңизде мурдагыдан олуттуу роль ойной башташы мүмкүн.

"Жакынкы жылдарда Россиянын деңиз саясатынын амбициясы мурдагыдан жогору болуп, өлкөнүн деңиз күчтөрү "кансыз согуш" мезгили аяктагандан бери боло элек бийиктикке жетиши толук ыктымал", — деп жазат серепчи. 

Мурдараак белгилүү болгондой, Россия Жер ортолук деңиз чөлкөмү боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин токтому күч колдонуу аркылуу кийлигишүүгө алып келбей турганына кепилдик болушун жана Ливиядагы окуялардын кайталанбашын талап кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0