NYT: Россия Жер ортолук деңизде Ливия окуясын кайталоого ЕБ үчүн тоскоолдук жаратууда

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссия Федерациясынын желеги. Архив
Россия Федерациясынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия Жер ортолук деңиз чөлкөмүндө күч колдонууга жол берилбей турганына кепилдик талап кылып жатканын The New York Times жазып чыкты. Басылманын айтымында, РФ мындай кадамга аскердик кийлигишүүгө алып келген БУУнун Коопсуздук кеңешинин Ливия боюнча резолюциясы себеп болууда.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Европа өлкөлөрүнүн Жер ортолук деңизде мыйзамсыз мигранттарды ташып жүрөт деп шектелген кемелерге каршы аскердик аракеттерге БУУнун Коопсуздук кеңешинен уруксат алуу Россиянын каршылыгына туш болду деп жазат The New York Times. Басылма белгилегендей, Россия мындай уруксат ири масштабдагы аскердик кийлигишүүлөр үчүн актоо болбойт деген кепилдикти талап кылууда. 

Independent: Жакынкы Чыгышта көзүрдүн баары Путиндин колунда
Европалыктар Жер ортолук деңиздин эл аралык сууларында кемелерди токтотуп текшерүүгө жана кармоого аскердик инспекцияны жиберүү үчүн мындай уруксатты уюмдун Уставынын жетинчи беренесинин негизинде сурап жатышат.

2011-жылы дал ошол жетинчи берененин негизинде кабыл алынган Коопсуздук кеңешинин токтому Ливиянын жарандык калкын коргоо үчүн "бардык зарыл чараларды" көрүүгө уруксат берген болчу. Анда Россия бул маселе боюнча добуш берүүдө калыс пикирде калган, бирок окуянын натыйжасы аскердик кийлигишүүгө алып келген. 

Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин аскердик аракеттерди жайылтууга алып келе турган бардык чараларга башынан бөгөт коюу зарыл деп билдирди.

Ал аталган резолюция Ливия окуясынын кайталанышына алып келбей турганына ынангысы келерин айтты. Андан тышкары, Чуркин бул резолюция толугу менен Уставдын жетинчи беренесине ылайык келишине жана ошого байланыштуу аскердик кийлигишүүгө уруксат берүүгө макул эместигин билдирди. 

Резолюциянын долбоору Коопсуздук кеңешинин бардык 15 мүчөсүнө шейшемби күнү таратылып, ал эми ал боюнча сүйлөшүүлөр жакынкы күндөрү улантылары болжолдонууда. Батыш дипломаттары ушул айдын аягында боло турган Башкы ассамблеянын сессиясы башталганга чейин резолюция кабыл алынарына үмүт артууда. 

Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу өкүлү катары вето коюу укугуна ээ экенин The New York Times эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0