Independent: Жакынкы Чыгышта көзүрдүн баары Путиндин колунда

© Sputnik / Александар Джорович / Медиабанкка өтүүБеженцы из стран Ближнего Востока на сербско-венгерской границе. Архивное фото
Беженцы из стран Ближнего Востока на сербско-венгерской границе. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакынкы Чыгышка байланыштуу маселеде Батыш Россия менен эсептешүүгө аргасыз, себеби бул өлкөсүз Сирияда чыр-чатакты чечүү мүмкүн эмес деп жазат британиялык басылма.

БИШКЕК, 17-сен. Sputnik. Россия өзүнүн Жакынкы Чыгышта саясий жана аскердик катышуусун күч алдырууда деп жазат Британиянын The Independent гезити.

Путин Сирияда кризисти кандайча чечүүнү айтып берди
Батыш кыйырынан катышып жаткан эки чыр-чатакта олуттуу өзгөрүүлөр байкалууда. Чыгыш Украинада атышууларды токтотуу тартиби сакталып турат жана тынчтык орнойт деген үмүт алыстан үлбүлдөгөнсүйт. Сирияда болсо чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча кайрадан макулдашуу аракеттери көрүлүүдө, бирок ал жакынкы арада ишке ашары күмөн. Буга кыйыр катыштыгы бар Россия стратегиялык күчтүү орунду ээлеп турат, деп абалды чечмелейт макаланын автору.

Ал муну Батыштын Жакынкы Чыгыштагы саясаты аямактагы азыркы башаламандыкка жана ЕБдеги качкындарга байланышкан каатчылыкка шарт түзгөндүгү менен түшүндүрөт. ЕБ өлкөлөрүнүн чектериндеги миңдеген мигранттар жана "Европа менен Түндүк Африканын көчөлөрүн жихаддын келиши" Батышты Сирия маселесин чечүү жолдорун издөөгө аргасыз кылды деп эсептейт макаланын автору. 

"Россияны эми, айрыкча Вашингтондо, ошол чечимди издөөдө чечүүчү роль ойной турган өлкө деп эсептешет. Улуу Британия менен АКШнын отставкадагы аскер башчылары ИЛИМди жеңиш үчүн Россия менен бирге иш алып барууга, ал тургай, Асад менен да келишим түзүүгө ачык эле чакырып жатышат", — деп жазат британиялык журналист.

Ошону менен бирге Россия өзүнүн Сирияда болушун күчтөндүрүп, дипломатиялык сүйлөшүүлөрдө башкы роль ойноп жатышы Башар Асаддын ордунан кетишин каалаган көпчүлүк батыш саясатчыларынын нараазычылыгын жаратууда. 

"Сириядагы чыр-чатак акыры эмне менен бүтөрү жакынкы арада айкын болот. Путин болсо азыр бул оюнда баарынан көп көзүргө ээ", — деген тыянакка келет макаланын автору.

Белгилүү болгондой, азыр Россия аскердик кийлигишүүгө алып келген БУУнун Коопсуздук кеңешинин Ливия боюнча резолюциясын эске алып, Жер ортолук деңиз чөлкөмү боюнча уюмдун токтому күч колдонуу аркылуу кийлигишүүгө алып келбей турганына кепилдик болушун талап кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0