Чилиде 8,4 баллга жеткен жер титирөө болду

© REUTERS / RODRIGO GARRIDOПоследствия землетрясение в Чили
Последствия землетрясение в Чили - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Чилинин аймагында сейсмологиялык күчтүү активдүүлүк дагы деле сакталууда.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Шаршембиден бейшембиге караган түнү болгон Чилидеги катуу жер титирөө көп сандаган жолдор менен көпүрөлөрдү кыйроого учуратты. Жер алдындагы силкинүүлөрдүн түйүнү өлкөнүн борбору Сантьяго шаарынан түндүктү карай 228 чакырым аралыкта жайгашкан. 

Сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 9 баллга жеткен жер титирөө болушу мүмкүн
Учурда Чилинин аймагында сейсмологиялык күчтүү активдүүлүк сакталууда. 

Өлкөнүн президенти Мишель Бачелет катуу кыйроолор менен катар үч адам курман болуп, дагы ондон ашык адам жабыркаганын шаршемби күнү билдирген. 

Бачелет бейшемби күнү өкмөт мүчөлөрү менен кошо өлкөнүн катуу жабыр тарткан жерлерине бара турганын, 18-сентябрда өлкөнүн көз карандысыздык күнүнө карата майрамдык салтанаттар кийинкиге жылдырылышы мүмкүндүгүн айтты. Ал бир катар шаарларда майрам уюштуруу коркунучтуу экенин белгилеген. Мектептерде сабактарды убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды. 

Чилидеги катуу жер титирөөдөн кийиники цунами Россия менен Япониянын да жээктеринде жете турганын Тынч океандын цунамини алдын алуу борбору (PTWC) билдирүүдө. 

Жуманын ирмемдери: Непалдагы жер титирөөдөн тарта Казакстандагы шайлоого дейре
PTWC маалыматына ылайык, цунами Усть-Камчатскиге Москва убактысы боюнча 21.50дө, Петропавловск-Камчатскиге 22.22де Курилдин Уруп аралына 22.44тө жетет.

Аталган борбор Япониянын жээктеринде Москва убактысы боюнча 23.28де күтүлүүдө деп билдирет. 

Чилинин Өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук кызматы Кокимо шаарын каптап калган 4,5 метрлик цуунами толкундары жөнүндө кабарлашты. 

Эмне үчүн жер титирөөлөр болорун Sputnik инфографикасында көрө аласыз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0