Фейсбукта "жакпайт" деген кнопка пайда болушу мүмкүн

© flickr.com / FACEBOOK(LET)Жогору бармак көтөргөн сүрөт. Архив
Жогору бармак көтөргөн сүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг мындай кнопканын пайда болушун такыр башка сезимдерди көрсөтө турган "лайк" кнопкасынан айырмаланып, "дислайк" тилектештикти, боору ачыгандыкты билдире турганы менен түшүндүрдү.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. "Жакпайт" деген кнопка жакында Фейсбук социалдык тармагында пайда болушу мүмкүндүгүн анын негиздөөчүсү Марк Цукерберг билдирди.

Кеңири таанымал соцтармагынын пайдалануучулары Фейсбуктагы маалыматка карата өзүнүн "жагат" деген гана эмес, "жакпайт" баасын берүү мүмкүнчүлүгү болсо деген пикирлерин көп билдиришкен.

Twitter Темир Сариевдин баракчасын расмий түрдө тастыктады
Компания мындай өтүнүчтөргө жооп берип, Фейсбуктагы тиги же бул постко терс мамилесин билдирүүчү опцияны киргизип, сынап көрүүнү чечкенин New York Times басылмасы жазып чыкты.

Соцтармактын негиздөөчүлөрү узак убакты бою мындай нерсени киргизүүдөн баш тартып, аны 1,5 миллиард пайдалануучунун терс мамилелерин эмес, оң маанайдагы сезимдерин колдой тургандыктары менен түшүндүрүп келишкен. 

Бирок айрым талаш-тартыш, талкуулардан кийин Цукерберг билдиргендей, Сириядан келген качкындарга байланышкан окуя сыяктуу көпчүлүк учурларда элдер өзүнүн тилектештигин, боор тартканын билдиргиси келет, бирок "лайк" таптакыр башка сезимдерди көрсөтөт.

Цукерберг терс мазмундагы постторго карата "лайк" кнопкасын басуу пайдалануучулар үчүн "мүмкүн, ыңгайсыз" деп белгиледи. 

"Элдерге жөн гана "жагат" деп басып койгондон көбүрөөк опцияларды берүү зарыл", — дейт ал.

Жаңылыктар түрмөгү
0