Путин: терроризм менен күрөшүүдө геосаясий кызыкчылыктардан баш тартуу керек

Жазылуу
РФ президенти жакпай калган тартипти кулатуу үчүн террористтик топторду пайдалануу аракеттерин токтотуу керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террористтик тобу менен күрөшүүдө кош стандарттан жана геосаясий кызыкчылыктардан баш тартуу керектигин Россия президенти Владимир Путин ЖККУнун жыйынында билдирди.

Тажикстандын борборунда ЖККУга мүчө мамлекет башчыларынын саммити өтүүдө.

Путиндин айтымында, зирек акыл-эс, аймактын коопсуздугу үчүн болгон жоопкерчилик дүйнө коомчулугунун биригип террористтик коркунучтарга каршылык көсөтүүсүн талап кылууда.

"Жеке кызыкчылык үчүн, тигил же бул жакпаган тартипти кулатуу үчүн террористтик топторду түз жана кыйыр пайдалануу аракеттеринен, кош стандарттардан баш тартуу зарыл", — деди президент.

Жамааттык коопсуздук келишими боюнча уюмдун жыйынында ЖККУнун аскердик күчтөрүнүн мындан аркы аракеттери талкууланууда. Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан өлкө башчылары ЖККУнун жоопкерчилиги алдындагы аймактын коопсуздугу боюнча пикир алмашышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0