Таиландда жибек курттун пилласынынын негизинде бронежилет жасалды

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүЖибек курттун көпөлөгү. Архив
Жибек курттун көпөлөгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ок өткөрбөс жилет жибек курттун кутусу — пилла менен табигый суюк каучукту аралаштырып катуу кысуу жолу аркылуу жасалат. Муну ойлоп табуучулардын айтымында, ок жөн гана жилетке "илээшип, чөгүп" калат.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Жибек курттун пилласы менен табигый каучуктун негизинде жасалган ок өткөрбөс жилет Таиландда ойлоп табылып, сыноодон өткөнүн жергиликтүү "Кхом Чат Лык" гезити билдирет.

Мээнин рентген сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар Альцгеймер оорусу жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтышты
22-калибрден 9 мм калибрге чейинки тапанча жана мылтык окторун ишеничтүү токтото турган жилетти Таиланддын Кхонкен провинциясындагы жибек өндүрүүчү ишкананын директору Орапхин Тхонгнонгной менен Кхонкен университетинин инженердик факультетинин доценти Пханомкон Кхо-Ахонг ойлоп тапкан.

Бронежилеттин калыңдыгы эки сантиметр жана салмагы төрт килограммдан бир аз ашат деп айтылат билдирүүдө.

"Жилет жөн гана окту адамдын денесине кирип кетишине бөгөт болбостон, кинетикалык соккуну да азайтат. Ок чагылып кайра артка учпастан, жилетке "илээшип, чөгүп" калат", — дейт ойлоп табуучулардын бири.

Окумуштуулар: Бразилиядагы аарынын уусу ракты айыктырууга жардам берет
"Жибек" бронежилеттин ийкемдүүлүгү жибектин бышыктуулугуна, ошондой эле жибек пилласы менен каучуктун нык аралашмасына негизделген. Ал пилланы кургатып, табигый суюк каучук менен аралаштырып жана атайын жабдык менен кысуу аркылуу жасалат деп айтылат билдирүүдө.

Бул табылганы авторлор Таиландда патенттешкен, эми Кхонкен университетинин атынан Коргоо министрлиги менен өлкөнүн полиция кызматы үчүн анын атайын бетачарын уюштурганы жатат деп кабарлайт гезит. 

Жаңылыктар түрмөгү
0