16:40 22 Бирдин айы 2018
Түз эфир
Гамбургер, сыра кармаган киши. Архив

ЖМК: АКШнын окумуштуулары эрте өлүмдүн себебин аныкташты

© Sputnik / Илья Питалев
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
849 0 0

23 жыл бою 108 өлкөдө жүргүзүлгөн изилдөөнүн аркасында адамды эрте өлүмгө алып келүүчү себептердин эң кеңири тараганы кайсы экенин америкалык окумуштуулар аныктап чыгышты.

БИШКЕК, 14-сен. – Sputnik. Американын Health Metrics and Evaluation (IHME) институтунун окумуштуулары зыяндуу тамак-аш эрте өлүмдүн эң кеңири тараган себеби экенин аныктап чыгышты деп жазат The Independent.

Изилдөөчүлөрдүн чыгарган тыянактарына ылайык, туура эмес тамактанууга жашылча-жемиштерди, жаңгактарды, буурчактардын жана дандын түрүн аз колдонуу, ошол эле учурда кызыл этти, тузду жана таттуу суусундуктарды көп колдонуу кирет.

Туура эмес тамактануу адамдын организмине спирт ичимдиктери менен тамекиден да көп терс таасир кыларын окумуштуулар белгилейт. Туура эмес азык организмдин туруксуз иштешине, ошондой эле жүрөк, кант диабети сыяктуу көп сандагы өнөкөт ооруларга алып келет.

Изилдөөнүн алкагында адамдын эрте өлүшүнө таасир берген факторлор ар бир өлкөдө ар башка экени аныкталган. Алсак, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө жана Индияда адамдар экологиянын начардыгынан баарынан көп өлүмгө дуушар болот экен, ал эми кирешеси көп өлкөлөрдө өлүмдүн башкы себептеринин бири тамеки тартуу болуп чыкты. Латын Америкасында жана Жакынкы Чыгышта ден соолук үчүн эң чоң коркунуч болуп ашыкча семирүү эсептелет экен. Окумуштуулар Африка өлкөлөрүндө адамдын эрте өлүмүнө алып келүүчү бир нече факторду аташат. Алар: ачкачылык, кир суу, корголбогон жыныстык катнаш жана спирт ичимдиктерин ичүү. 

Ден соолук үчүн кооптуу болуп эсептелген башкы факторлорду изилдөө иштери 108 өлкөдө 1990 – 2013-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн.

Тема боюнча

Адам баласы унду 30 миң жыл мурун ойлоп тапканын окумуштуулар аныктады
Окумуштуулар Альцгеймер оорусу жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтышты
Белгилер:
акчачылык, эрте өлүм, экология, ден соолук, азык-түлүк
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ