Билл Гейтс жана Майкл Блумберг "Аль-Каиданын" өлүмгө татыктуулардын тизмесине кирди

© AFP / FREDERIC J. BROWN Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс жана миллиардерлер Уоррен Баффет. Архив
Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс жана миллиардерлер Уоррен Баффет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алардын арасында Билл Гейтс, Уоррен Баффет, Майкл Блумберг жана башка белгилүү ишкерлер бар. Эгер алар өз каражаттарын АКШнын аймагынан чыгарып кетсе, өлүм тизмесинен чыгарылышы мүмкүн.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. "Аль-Каида" тобу АКШнын ири ишмерлери өз акчаларын АКШнын экономикасынан чыгарып кетишпесе, аларга кол сала тургандыгы жөнүндө ачык эле коркутту деп билдирет бейшембиде NBC News телеканалы. 

Ислам мамлекетинин желегин кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Норвегия "Ислам мамлекетиндеги" жаранын акча төлөп куткарып алуудан баш тартты
Өлүмгө татыктуу делгендердин тизмесинде Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс, миллиардерлер Уоррен Баффет, бир туугандар Чарльз жана Дэвид Кох, Нью-Йорктун мурдагы мэри Майкл Блумберг, казино магнаты Шелдон Аделсон, Wal-Mart соода түйүнүн негиздөөчүнүн уулу Жим Уолтон жана башкалар бар. "Аль-Каиданын" билдирүүсү террористтер чыгаруучу Inspire журналында жарык көргөн.

Анда аталган адамдар өз каражаттарын америкалык банктардан чыгарып, АКШнын чегинен сырткары инвестицияларга салса, тизмеден алынышы мүмкүндүгү айтылат. Ушундай жол менен Американын экономикасы солгунга учурай турганы да белгиленет.

"Аль-Каида" батыш дүйнөсүнүн баалуулуктарына каршы күрөш жүргүзүүчү эң ири эл аралык террористтик уюмдардын бири болуп эсептелет. Уюмдун эсебинде бир катар террористтик актылар, анын ичинде америкалык элчиликтердин алдындагы жардыруулар жана 2001-жылдын 11-сентябрында АКШда болгон ири теракт да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0