08:46 28 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7747
  • EUR95.3546
  • RUB1.1215
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
43 0 0

Германиянын чек арасына жакын жерде кармалып турган бозгундарга Даниянын полициясы кечээ түндөн тарта Копенгагенге кирүүгө уруксат берди.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Германиянын Путтгарден шаарынан кечээ кечинде паром менен Даниянын Родби портуна келген 250дөй бозгун паромдон чыгуудан баш тартып, 20 сааттай өз талаптарынын аткарылышын талап кылышты деп жазат Sputnik Түркия маалымат сайты.

Бозгундар талаптары орундалган соң Даниянын борбору Копенгагенге баруу үчүн атайын даярдалган автоунааларга отурушкан. 

Качкындар камоого же атайын лагерлерге туш болуудан коркуп, полиция тарабынан даярдалган автобустарга түшүүдөн баш тартып жатат. Ал эми полициядан билдиришкендей, жеке машиналары менен бозгундарга жардам берүүнү каалаган жарандар Даниянын чек арасынан чыкпашы керек. Эгер чек араны буза турган болсо, алар сөзсүз жазага тартылат. 

Үч күндө үч миңдей бозгун келди

Ал ортодо Даниянын премьер-министри Ларс Лёкке Расмуссен өлкөгө үч күндө үч миңден ашык бозгун келгенин баса белгиледи. Алардын беш жүзү мыйзамсыз жолдор менен Швецияга, Норвегияга жана Финляндияга өткөн болушу мүмкүн деп жатышат. Ошондой эле Даниядагы бозгундардын көбү Швецияга оошу мүмкүн деп болжонууда.

Тема боюнча

Франция — Британия поезд каттамдары мигранттардын айынан токтоп калды
Европалык кеңештин башчысы ЕБдеги миграцияны "кыйроонун башталышы" деп атады
Белгилер:
Дания, Европа, Германия, бозгун

ЭҢ МААНИЛҮҮ