ЖМКлар: "Ислам мамлекетинин" төрт миңден ашык согушкери Европага качкындар менен кошо кирип кеткен

© AFP / JM LOPEZИслам мамлекетинин желеги. Архив
Ислам мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ислам мамлекети" террористтик тобунун агенти азыркы кезде Европа биримдигинде миңдеген даяр согушкерлер бар экенин билдирди.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. "Ислам мамлекети" радикалдуу тобунун төрт миңден ашуун согушкери батыш өлкөлөрүнө качкындын кейпин кийип жашыруун өтүп кетишкенин жекшемби күнү британиялык Sunday Express гезити террористтик уюмдун агентине таянуу менен кабарлаган.

Агент жашыруун операция жүрүп жатканы жөнүндө айтып, миңдеген "даяр согушкер азыркы учурда Европа биримдигинде" экенин ырастады. Божомолдоолор боюнча, "Ислам мамлекети" куралдуу согушкерлерди Түркиянын чек арасы аркылуу өткөрүп, андан ары Европа өлкөлөрүнө жашыруун жөнөтүп жатат.

Серепчилер: Ислам мамлекети акча чыгарышы – мамлекетти расмийлештирүү аракети - Sputnik Кыргызстан
Серепчилер: "Ислам мамлекетинин" акча чыгарышы – мамлекетти "расмийлештирүү" аракети
Маалымат булагы жергиликтүү контрабандисттердин жардамы менен террористтер Европага бара жаткан мыйзамсыз мигранттарга кошулуп кетип жатышканын айтат. Ошондой эле ал мунун баары дүйнө боюнча халифат орнотуу максатында жасалып жатканын баса белгилеген.

"Ислам мамлекети" террористтик тобу бүгүнкү күндө дүйнөлүк эң башкы коркунучтардын бири болуп эсептелет. Үч жылда террористтер Ирак менен Сириянын көпчүлүк жерлерин басып алган. Андан тышкары, өз таасирин Түндүк Африка өлкөлөрүнө, атап айтканда, Ливияга таркатуу аракеттерин көрүүдө. 

"Ислам мамлекетине" каршылык көрсөтүү боюнча бирдиктүү фронт жок: аны менен Сириянын жана Ирактын өкмөттүк аскерлери, АКШ башында турган эл аралык коалиция (абадан гана сокку уруу менен), ошондой эле курддар, Ливан менен Ирактын шейит ыктыярчылары күрөшүп жатат. Согуш аракеттеринин натыйжасында жүз миңдеген карапайым тургундар курман болуп, бир нече милилондогону качкынга айланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0