Диабетке каршы дарылар өлүмгө алып келүүчү кан жоготууну токтото алат

© Фото / sriram balaИнсулин даарысы. Архив
Инсулин даарысы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Олуттуу жаракат алган адамдар канын көп жоготкондон көз жумган учурлар көп. Мындай өлүмдөрдүн басымдуу бөлүгү жаракат алгандан кийинки алгачкы төрт саатта болот.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Диабетке каршы тиазолидиндион тобуна кире турган дарыларды кандын көп кетишине жол бербөө үчүн пайдалануу жакшы натыйжа берет деп эсептейт British Journal of Pharmacology журналына чыккан макаланын авторлору.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда 43 миңден ашык киши кант диабети менен ооруйт
Канды көп жоготуу олуттуу жаракат алган адамдардын өлүмүнө негизги себептердин бири. Мындай өлүмдөрдүн басымдуу бөлүгү жаракат алгандан кийинки алгачкы төрт саатта болот.

Профессор Робин Уильямс жетектеген School of Biological Sciences at Royal Holloway окуу жайынын окумуштуулары жабыр тартуучулар кан куюусуз төрт саат чыдап, аларды ооруканага кандын кетишинен көз жумбагыдай жеткирүүгө мүмкүндүк бере турган дарыны издешкен. 

"Биздин изилдөө диабетке каршы колдонулуучу дарылар канды көп жоготууга байланыштуу өлүмдөн сактап калууга мүмкүндүк бере турганын ишеничтүү далилдейт", — деп эсептейт Робин Уильямс.

Кант диабетинин алгачкы белгилери: адам суусайт, тез-тез заара ушатат, шалдырап, тамакка табити тартпай калат. Сууну канчалык ичсе да, суусуну канбай, оозу кургап турат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0