Күн системасынын планетасы Борбордук Азиядагы өлкөнүн аты менен аталды

© Национальное управление США по аэронавтике и исследованию космического пространстваКүн системасы. Архив
Күн системасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күн системасындагы кичи планеталарынын бири Борбордук Азия республикасынын урматына Тажикстан деген ат алды. Бул асман телосу Марс менен Юпитердин ортосунда, Жер шарынан 250 миллион чакырым аралыкта жайгашкан.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Астрофизиктердин эл аралык коомчулугу тажик окумуштууларынын дүйнөлүк астрофизиканы өнүктүрүүгө жана асман телолорун изилдөөгө кошкон зор салымы үчүн Күн системасындагы кичи планеталардын бирине Тажикстан деген ат ыйгарышты. 

Күн. Эң жарык жылдыз
Бүтүндөй өлкө үчүн чоң мааниге ээ мындай окуя жөнүндө күбөлүктү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго республиканын Илимдер академиясынын президенти Фарход Рахими тапшырды деп билдирет мамлекет башчысынын маалымат кызматы. 

Тажикстан планетасы Марс менен Юпитердин ортосунда, Жер шарынан 250 миллион, ал эми Күндөн 463 миллион чакырым аралыкта жайгашкан. Ал Күндү беш жылда бир жолу толук айланып чыгат.

"Мындай баалуу жетишкендиктер биздин окумуштуулар менен изилдөөчүлөрдөн мамлекет менен улуттун, ошондой эле жалпы адамзаттын кызыкчылыгы үчүн дагы көп күч-аракет жасоого шыктандырат", — деди өлкөнүн президенти күбөлүктү алып жатып. 

Азыр Тажикстан планетасы Жерге эң жакын аралыкта турат, ошондуктан тажик окумуштуулары анын физикалык жана химиялык касиеттерин, анда жүрүп жаткан процесстерди изилдөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0