Франция — Британия поезд каттамдары мигранттардын айынан токтоп калды

© flickr.com / sbamuellerEurostar компаниясынын поезди. Архив
Eurostar компаниясынын поезди. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Eurostar компаниясынын өкүлү билдиргендей, мыйзам бузуучуларды тоннелдин француз тарабынан кирүүчү жер менен Кале шаарындагы станциянын ортосундагы бөлүктөн байкашкан.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Шаршембиге караган түнү Франция менен Британиянын ортосундагы темир жол каттамы рельске чыгып алышкан мигранттардын айынан токтоп калды деп билдирет Guardian.

Адамдарды тоннелдин француз тарабынан кирүүчү жер менен Кале шаарындагы станциянын ортосундагы бөлүктөн байкашкан. Eurostar компаниясынын операторлору темир жолго чыгып алгандардын айынан беш поезд жолунан кармалганын, алардын төртөө Францияга бара жатканын билдиришти.

"Поезд тоннелге кире албай туруп калды, анткени Каледе рельсте кишилер турат", — деп билдиришкен Eurostar кызматкерлери компаниянын Twitter баракчасында.

Пикир: Европада миграциялык агымды эми токтотуу мүмкүн эмес
Франциянын түндүгүндө жашоочу мыйзамсыз мигранттар Ла-Манш аркылуу Британияга өтүп кетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууда. Азыр Кале шаарында 1,5 миңдей мигрант бар. Алардын саны акыркы кезде бир топ өстү. Мигранттардын көбү Францияга Эритрея, Судан жана Сомали өлкөлөрүнөн качып келген.

Туннелди тейлөөчү Eurotunnel компаниясынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери туннелдин коопсуздук кызматы Франциядан Британияга өтүп кетүүгө аракеттенген 37 миң мигрантты кармаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0