Күндүз уктоо адаты "өмүрдү сактап калат" деп эсептейт дарыгер

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСтуденттер танаписте. Архив
Студенттер танаписте. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улгайгандардын арасында изилдөө жүргүзгөн грек дарыгери Манолис Каллистратос күндүз чырм этип алганды жакшы көрүүчүлөрдүн башкаларга караганда дени сак болот деген тыянакка келген.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Күндүз көп уктоо "өмүрдү сактап кала алат", себеби анын аркасы менен адамдын жүрөк оорусуна кабылуу коркунучу кыскарат деп жазат The Telegraph, Грециянын Asklepieion Voula ооруканасында иштеген окумуштууларга таянып. 

Изилдөөнү жетектеген доктор Манолис Каллистратостун айтымында, кан басымынын жогору болушу күндүз уктап алганды жакшы көрүүчүлөрдүн жок эле дегенде тамырларына жана жүрөгүнө азыраак зыян келтирет.

Жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сүйүү арактан кем эмес мас кыларын окумуштуулар аныктады
Грециянын эксперттери 400 чакты эркектер менен аялдарды изилдеп чыгышкан. Алардын орточо жаш-курагы 61 жаш жана баары тең кан басымынын жогору болушунан жабыр тартышат. Алардын ичинен күндүз уктап алууга бир аз убакыт бөлгөндөрдүн ойгонгондон кийинки кан басымы беш пайызга төмөндөй турганы аныкталган.

Жүрөк кармап калуулардын санына олуттуу таасир кылуу үчүн ушул гана жетиштүү деп эсептешет окумуштуулар. Тамырдын согуш жыштыгы да күндүз уктоочулардыкы башкаларга караганда жакшыраак болуп чыккан. Күндүз көбүрөөк (бир саттай) уктагандардын натыйжалары бир топ көңүл жубатарлык дейт окумуштуу. 

Каллистратос күндүзгү уйкуну "өткөндүн калдыгы" деп атайт. Анын оюнда мунун азыркы жашоого кайра киргизүү зарыл. "Ченем менен иштөө жана күн сайын иш менен алек болуу дегенди билдирүүчү жумушчу маданиятынын айынан күндүзгү уйку өзгөчө шарттагы айрым адамдардын гана адатына айланган", — деп капа болот ал.

Жаңылыктар түрмөгү
0