ЖМКлар: "Ислам мамлекетинин" согушкерлери Пальмира шаарында Бэла Храмын жардырышты

© AFP / Joseph EidПальмира шаары. Архив
Пальмира шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖМКлардын маалыматына караганда, "Ислам мамлекети" радикалдуу террористтик тобунун согушкерлери Сириянын Пальмира шаарындагы Бэла Храмын жардырып жиберишкен.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. "Ислам мамлекети" радикалдуу террористтик тобунун согушкерлери Сириянын Пальмира шаарында жардырууларды уюштуруп, анын натыйжасында шаардын байыркы ыйык жайларынын бири эсептелген Бэла Храмы кыйрап калган деп кабарлайт жекшембиде Ассошиэйтед Пресс агенттиги күбө болгондорго таянуу менен.

Агенттиктин айтымында, жардыруу кечээ түштөн кийин болгон. Билдирүүгө ылайык, "имараттын кыштары менен мамылары жерде жатат".

Ислам мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Египетте сот "Ислам мамлекетинин" он эки согушкерин өлүм жазасына тартты
ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастарына кирген Сириянын алты объектинин бири болгон Пальмира май айынын ортосунда согушкерлердин карамагына өткөн. Шаарды таштап кетерден мурун, Сириянын аскерлери тургундардын басымдуу бөлүгүн жана Пальмиранын борбордук музейиндеги эң баалуу тарыхый буюмдарды чыгарып кеткен. Шаар туткунга алынгандан кийин байыркы урандылар менен храмдар жок болуу коркунучунда калган. 

Мурдараак белгилүү болгондой, шаарда 1,5 — 2 миң согушкер бар. Мүмкүн болуучу чабуул үчүн мамлекеттик аскерлер шаарды көздөй кошумча күчтөрдү дагы тартууда. 

"Ислам мамлекети" террористтик тобу бүгүнкү күндө дүйнөлүк эң башкы коркунучтардын бири болуп эсептелет. Үч жылда террористтер Ирак менен Сириянын көпчүлүк жерлерин басып алган. Андан тышкары, өз таасирин Түндүк Африка өлкөлөрүнө, атап айтканда, Ливияга таркатуу аракеттерин көрүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0