ЖККУнун жардамга тез арада келе турган күчтөрүнүн машыгуусу Псковдо башталды

© Sputnik / Сергей Кузнецов / Медиабанкка өтүү"Өз ара иштешүү-2014" машыгуусундагы кыргыз аскерлери. Архив
Өз ара иштешүү-2014 машыгуусундагы кыргыз аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖККУнун Ыкчам аракетке келүүчү жамааттык күчтөрүнүн машыгуусуна уюмга мүчө өлкөлөрдүн мыкты жана күчтүү делген, атайын даярдыктагы аскерлери катышып жатат. Машыгуу аталган аскердик күчтөрдүн Псков облусунда жайгашкан полигонундагы эки аэродромдо өтөт.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. ЖККУнун Ыкчам кыймылга келүүчү жамааттык күчтөрдүн "Өз ара иштешүү-2015" деп аталган машыгуусу башталды. Анын ачылышы Псков облусундагы Россиянын Аба десанттык аскерлеринин 76-гвардиялык дивизиясынын базасында өттү.

"Машыгуунун башкы максаттарынын бири — биздин күчтөр жыйналып, бир нече саат ичинде ыкчамдык менен жамааттык коопсуздукка кирген аймакта болуп калуу", — деп айтты салтанаттын ачылышында сүйлөгөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков.

Ал ЖККУнун жетекчилиги алдыга коюлган иш-чараларды аткаруу алкагында машыгууга мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн Россиянын Коргоо министрлигинин Аба-космостук күчтөрүнө ыраазычылык билдирди. 

Машыгуунун ачылышында ар бир өлкөнүн улуттук гимндери ойнолуп, Россиянын Аба десанттык аскер күчтөрүнүн куралдары менен техникалары көрсөтүлдү, андан сырткары машыгуу учурунда коопсуздукту сактоо боюнча нускамалар берилди. 

Жамааттык Коопсуздук келишими Уюмунун Башкы катчысы Николай Бордюжа. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа Бишкекке келди
Бул иш-чара Псков облусунда жайгашкан Россиянын Аба десанттык аскер күчтөрүнүн полигонунда жайгашкан Струги Красные жана Кресты аэродромдорунда өтөт. 

Машыгуу өткөрүүгө Россия, Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Казакстан жана Тажикстандын улуттук куралдуу күчтөрүнүн аскерлери катышат. 

Анын эң активдүү маалына келгенде ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа келип катышмакчы.

Атайын даярдыктагы аскерлерден турган, биргелешип жүргүзүлүп жаткан "Өз ара иштешүү" деп аталган машыгуу ЖККУнун Ыкчам аракетке келүүчү жамааттык күчтөрүнө кирген өлкөлөрдүн катышуусунда 2009-жылдан тарта өткөрүлүп келет. Ал ЖККУга мүчө мамлекеттеринин аймагында жүргүзүлөт. Биринчи мындай иш-чаралар Казакстанда башталып, 2010-жылы Россиянын Түштүк Уралдагы полигондорунун биринде уланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0