Министр: Пакистан "Талибанды" көзөмөлдөбөйт, бирок диалогго аракет кылат

© Sputnik / Александр Гращенков / Медиабанкка өтүүКандагар
Кандагар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пакистандын коргоо министри Кожо Асиф Пакистан бийлиги "Талибан" лидерлеринин ортосундагы атаандаштыкка киришпей турганын, болгону Афганистан менен талибдердин сүйлөшүүсүнө ортомчу болорун билдирди.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Пакистан талибдердин үстүнөн көзөмөл кылбайт, болгону "Талибан" менен Афган бийлигинин тынчтык үчүн сүйлөшүүлөрүнө көмөк көрсөтөт. Бул туурасында өлкөнүн коргоо министри Кожо Асиф парламентте сүйлөп жатып айтты.

"Биз "Талибанды" көзөмөлдөбөй турганыбызды мойнубузга алабыз, болгону ортомчулук милдетин аткарабыз. Биз "Талибан" лидерлеринин ортосундагы атаандаштыкка киришпейбиз", — деген министр.

Асиф мындан сырткары талиптердин лидери молдо Омар Пакистанда өлгөн деген малыматты четке какты. 

"Мен молдо Омар Пакистандын аймагында өлүп жана ушул аймакта жерге берилбегендигин бекемдей алам. Муну балдарынын айткандары тастыктайт. Ал мындан эки жыл мурда каза болду деген маалымат да карама-каршылыктуу болуп жатат. Биз бул иштерге аралашкыбыз келбейт", — деди Кожо Асиф.

"Талибандын" лидери 2013-жылы эле өлгөндүгүн Афганистан тастыктады
Өткөн аптада "Талибан" радикалдуу кыймылынын башына молдо Омардын орун басарларынын бири Ахтар Мохаммад Мансур келгендигин аталган уюмдагы булактардын бири расмий билдирген. 

Мунун артынан эле Афганистанда тынчтык орнотуу максатында "Талибан" менен афган бийлигинин сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы токтотулган. Аймакта тынчтыкты орнотуу максатындагы биринчи сүйлөшүүлөр 2015-жылдын 7-июлунда Пакистандын борбору Исламабадга жакын жерде болгон. Жолугушууга АКШ жана Кытай байкоочулары да катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0