Хабаровскидеги жол кырсыгынан 13 жүргүнчү өлүп, 60 киши жарадар болду

© Sputnik / Дальневосточный региональный центр МЧС России / Медиабанкка өтүүХабаровскидеги жол кырсыгы. Архив
Хабаровскидеги жол кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Хабаровск аймагындагы Хабаровск — Комсомольск-на-Амуре трассасынын 125-чакырымында ири жол кырсыгынан 13 киши каза болгону кабарланган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Хабаровск аймагындагы ири кырсыктан 13 жүргүнчү каза болуп, алтымышка жакын киши ар кандай жаракат алды. Бул туурасында РИА Новости агенттигине чукул кызматтардагы өздүк булактар билдирген. 

"Акыркы маалыматтарда алтымыш киши ар кыл жаракаттарды алып, 13 киши өлгөнү айтылат. Маалыматтар такталып жатат", — деп билдирген агентикке кабарлаган адам.

Ал жарадарлардын арасынан алты кишинин абалы оор экенин кошумчалады. 

Ал эми регион боюнча иш алып барган ички иштер министрлигининин башкармалыгы 12 киши каза таап, үчөө оор жарадар экендигин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0