"Талибандын" жаңы лидери Ахтар Мансур болду

© AFP / Noorullah ShirzadaТалибан кыймылынын мүчөлөрү. Архив
Талибан кыймылынын мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршемби күнү "Талибандын" лидери молдо Омардын өлгөнү жөнүндө маалымат тараган. Афганистан өкмөтү аны Пакистандын аймагында мындан эки жыл мурда каза болгонун расмий билдирди.

БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. "Талибан" радикал кыймылынын башына молдо Омардын орун басарларынын бири Ахтар Мохаммад Мансур келгендигин "Рейтер" аталган кыймылдагы булактарына таянып кабарлаган. 

"Алар Кветта шаарына чукул жерде өткөн ички жыйынында молдо Мансурду "Талибандын" жаңы эмири кылып, бир добуштан шайлап алышты",— деп агенттикке чогулушка катышкан талаа командирлеринин бири билдирген. Ал жакын арада жаңы лидердин шайланышы боюнча шуранын (мусулмандардын кайсы бир маселеде чечим чыгаруу боюнча жыйыны) расмий билдирүүсү чыга тургандыгын айткан. 

Шаршемби күнү "Талибандын" лидери молдо Омардын өлгөнд жөнүндө маалымат тараган. Афганистан өкмөтү аны Пакистандын аймагында 2013-жылы каза болгонун расмий билдирди.

"Талибандын" лидери 2013-жылы эле өлгөндүгүн Афганистан тастыктады
БУУнун Коопсуздук кеңешинин маалыматтарына караганда, Ахтар Мохаммад Мансур Шах Мохаммед "Талибан" менен байланышы бар" деген тизмеге кирет жана кыймылдын беделдүү аталган жетекчилеринин бири. Ал Афганистан өкмөтүнүн ишине жана Афганистандын коопсуздугу боюнча эл аралык күчтөргө каршы чыккан активисттерден болгон, согушкерлерди "Талибанга" үгүттөп келген. "Талибандын" жетекчилик кеңешинин мүчөсү жана 2010-жылы мартта молдо Омардын орун басары болуп шайланганга чейин аталган кыймылдын аскердик бөлүмүн жетектеп турган. 

"Талибан" Афганистандын аймагында жайгашкан радикалдык кыймыл. Өкмөттүн аскердик күчтөрү буларга каршы согуштук операцияларды үзгүлтүксүз жүргүзүп келишет. Өкүнүчтүүсү, жергиликтүү калк кагылышуулардын курмандыгы болуп калган учурлар көп кездешет.


Жаңылыктар түрмөгү
0