"Талибандын" лидери 2013-жылы эле өлгөндүгүн Афганистан тастыктады

© официальный сайт президента АфганистанаАфганистан президентинин сайтынан тартылган сүрөт. Архив
Афганистан президентинин сайтынан тартылган сүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Молдо Омар эмнеден өлгөнү так айтылган эмес, бирок бир катар ЖМКлар ал оорудан каза болгонун жазып чыгышты.

БИШКЕК, 30-июль — Sputnik. "Талибан" террористтик тобунун лидери молдо Омар 2013-жылы эле Пакистандын аймагында өлгөн. Бул туурасында Афганистандын президенттик администрациясынын расмий сайтында маалымдалган. 

"Афган Ислам Республикасынын өкмөтү алынган так маалыматтарга таянып, "Талибан" террористтик тобунун лидери молдо Омар 2013-жылдын апрель айында Пакистандын аймагында өлгөндүгүн кабарлайт", — деп жазылат билдирүүдө. 

Талибан кыймылы, Афганистан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Талиптер Афганистандын Кундуз провинциясындагы 80 айылды басып алды
Молдо Омар эмнеден өлгөнү так айтылган эмес, бирок бир катар ЖМКлар ал оорудан каза болгонун жазып чыгышты.. 

Мындан бир аз мурда радикалдуу "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү молдо Омар өлдү деген кабарды четке каккан. 

"Талибан" — Афганистандын аймагында жайгашкан радикалдык кыймыл. Өкмөттүн аскер күчтөрү ага каршы согуштук операцияларды үзгүлтүксүз жүргүзүп келишет. Өкүнүчтүүсү, жергиликтүү жашоочулар кагылышуулардын курмандыгы болгон учурлар көп кездешет.


Жаңылыктар түрмөгү
0