23:34 26 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.4100
  • EUR99.5152
  • RUB1.1392
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
44 0 0

Иран өзөктүк программасын, анын ичинде уранды байытууну өнүктүрө берет. Иш-аракеттер МАГАТЭнин тыкыр көзөмөлүнүн алдында жана бара-бара Тегеранга каршы санкциялардын алынышы менен ишке ашат.

БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Россия Ирандын өзөктүк программасы боюнча Венада өтүп жаткан алтылык кеңешинин чечимин колдой турганын президент Владимир Путин билдирди.

Австриянын борбору Вена шаарында Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык алты ортомчу мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин координациялык жолугушуусу өттү.

Президент Путиндин айтымында, макулдашуу эл аралык укуктун, ошондой эле өзөктүк куралдын жайылышына жол бербөө жана МАГАТЭ кепилдиги тууралуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде жетишилди.

"Күч колдонуунун ордуна сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары туруктуулук жана кызматташууну тандап алышты. Бул БУУ Коопсуздук кеңешинин резолюциясы менен бекитилет", — деди РФнын өлкө башчысы.

Путин саясий-дипломатиялык чечимдерди издеп, иран маселесинин оң жагына чечилиши үчүн колдоо көрсөткөн тараптарга ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүлөргө ылайык, Иран өзөктүк программасын, анын ичинде уранды байытууну өнүктүрө берет. Иш-аракеттер МАГАТЭнин тыкыр көзөмөлүнүн алдында жана бара-бара Тегеранга каршы санкциялардын алынышы менен ишке ашат. 

"Бардык кызыкдар тараптар, биринчи кезекте "алтылык" өлкөлөрү кабыл алынган чечимдерди аткарат деген ишенимдебиз. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндөгү Иран менен "алтылыктын" саясий эрки узак мөөнөткө эсептелинген иш-аракеттердин планын жүзөгө ашырууга өбөлгө болот. Иран менен Россиянын өз ара мамилеси да жаңы баскычка көтөрүлүп, эми өнүгүүгө тышкы факторлор таасир этпейт", — деди Путин.

Президент өз билдирүүсүндө Россия Вена макулдашуусунун толук кандуу ишке ашышы үчүн эл аралык жана регионалдык коопсуздукту чыңдоого салым кошуу менен бардык аракеттерди көрө турганын кошумчалады.

Тема боюнча

Бакетаев: Батыш Ирандын өзөктүк программасына карата көзөмөлүн жумшартышы мүмкүн
Путин: Иран өзөктүк программасы боюнча ийкемдүүлүгүн көрсөтүүдө
Ирандын өзөктүк программасынын изоляциядан чыгышы КРдин кызыкчылыгына төп келет
Белгилер:
алтылык, өзөктүк программа, макулдашуу, Владимир Путин, Иран, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ