13:16 14 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0880
БРИКС. Архив

Бразилиянын ТИМ башчысы: БРИКС банкына башка өлкөлөр кирет

Фотохост БРИКС/ШОС
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Уфадагы БРИКС менен ШКУнун саммити (16)
35 0 0

Бразилиянын тышкы иштер министри Мауру Виейра банк келерки жылдын алгачкы айларынан тарта насыяларды бере баштоосу үчүн иш-аракеттер жүрүп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 8-июль — Sputnik. БРИКСтин жаңы түзүлгөн Өнүктүрүү банкы болочокто кеңейип, өзүнө БУУга мүчө башка өлкөлөрдү кабыл алышы мүмкүн деген оюн Бразилиянын тышкы иштер министри Мауру Виейра Sputnik агенттигине берген эксклюзивдүү маегинде билдирген.

Министр банк келерки жылдын алгачкы айларынан тарта насыяларды бере баштоосу үчүн иш-аракеттер жүрүп жатканын да белгиледи.

Шейшембиде Уфада жаңы өнүктүрүү банкынын башкаруучулар кеңешинин биринчи отуруму өттү. Аталган банк БРИКС (Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасы) мамлекеттеринде инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо үчүн эң ири өнүктүрүү институттарынын бири жана Дүйнөлүк банк менен Дүйнөлүк валюталык фонддго альтернатива болуп калары болжолууда.

"Белгилүү болгондой, банк БРИКСке мүчө жана башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү инфраструктура жана туруктуу өнүгүү боюнча долбоорлорду каржылайт. Кийинчерээк ага БУУга мүчө мамлекеттер кабыл алынышы мүмкүн", — деди Виейра.

"Өнүктүрүү банкын түзүү жөнүндө келишим ратификациялангандан кийин аны ишке киргизүү боюнча жумуштарды аягына чыгаруу зарыл. Биз азыр насыя берүү 2016-жылдын башында эле мүмкүн болгудай аракеттерди жүргүзүп жатабыз", — деп кошумчалады Виейра.

Тема:
Уфадагы БРИКС менен ШКУнун саммити (16)

Тема боюнча

Атамбаев Уфага агасы жерге берилгенден кийин учуп кетет
Белгилер:
Sputnik, БРИКС, Түштүк Африка Республикасы, Кытай, Индия, Россия, Бразилия

ЭҢ МААНИЛҮҮ