08:25 28 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR103.0066
  • RUB1.1301
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
1610

Шаршембиде чалгынчылык боюнча сенаттын атайын комитетинде америкалык Twitter, Facebook, YouTube компанияларына жана бир катар социалдык тармактарда терроризмге үгүттөп же терактыга даярдык жүрүп жатканы белгилүү болсо, аны бийликке кабарлоо боюнча ченемдерди бекиткен мыйзам долбоору талкууланды.

БИШКЕК, 9-июль — Sputnik. АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун жетекчиси Жеймс Коми америкалык социалдык тармакта Сирия менен Ирактагы "Ислам мамлекетине" мүчө болууга жардам кылып жаткан терроризмге үгүттөөлөр кезигип жаткандыгына тынчсыздангандыгын билдирди. 

"Террорчулар өздөрүнүн атынан өлтүргөндү каалашат. Алар бизге ушундай максат менен келип, Twitter жана башка социалдык тармактар аркылуу үгүт жүргүзүшүүдө. Бул мурда "Аль-Каида" жасаган нерсе эмес. Алар Сириядагы коопсуз жерге жайгашып алып, бизге "Ислам мамлекетинин" Твиттердеги баракчасы аркылуу миңдеп келип жатат", — деп айтты ФБРдин жетекчиси сенатта сүйлөп жатып.

Шаршембиде чалгынчылык боюнча сенаттаны атайын комитетинде америкалык Twitter, Facebook, YouTube компанияларына жана бир катар социалдык тармактарга карата терроризмге үгүттөп же терактыга даярдык болуп жатканын билип калса аны бийликке кабарлоо боюнча нормаларды бекиткен мыйзам долбоору талкууланды. 

"Коммуникациянын алтын доору бизге болуп көрбөгөндөй ааламдык кооптуулук жаратып жатат. Бул  "Аль-Каиданын" жок кылынган башчысы Усама бен Ладендин кыялына да келбеген чыгар", — деди Коми.

ФБРдин жетекчиси мындай коркунуч менен кантип күрөшүү керектигин азыр так билбей турганын жашырган жок. 

Тема боюнча

АКШ аскер күчтөрүнүн сайты "Сириянын электрондук аскери" тарабынан талкаланган
АКШ соту "Мусулмандардын күнөөсүздүгү" тасмасын YouTube бетинен албоо жөнүндө чечим кабыл алды
Саясат таануучу: АКШ менен ЕБнын саясаты европалыктардын үрөйүн учурат
Белгилер:
"Аль-Каида", "Ислам мамлекети" террордук тобу, Федералдык чалгындоо бюросу, Усама Бен Ладен, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ